Мазмунга өтүү

Буркина-Фасо

Википедия дан
Буркина-Фасо.

Буркина-Фасо, Буркина Фасо Республикасы (кээде ортосундагы сызыгы жок Буркина Фасо деп да жазылат; 1984-ж. чейин Жогорку Вольта Республикасы) Батыш Африкадагы мамлекет. Түндүк-батышынан жана түндүгүнөн Мали, Түндүк-чыгышынан Нигер, түштүк-чыгышынан Бенин, түштүгүнөн Того, Гана, түштүк-батышынан Кот-д, Ивуар мамлекеттери менен чектешет. Аянты 274,1 миң км2. Калкы 18,9 млн (2015). Борбору Уагадугу шаары. Расмий тили француз тили. Администрациялык-аймактык жактан 45 провинцияга бөлүнөт. Акча бирдиги Батыш Африка валюта союзунун франкы.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2005):

Провинция

Аянты,

км2

Калкы,

миң

Администрациялык

борбору

Базега

3963

242,054

Комбисири

Бале

4595

196,991

Боромо

Бам

4084

239,060

Конгуси

Банва

5882

227,843

Солензо

Бугуриба

2812

83,697

Диебугу

Бульгу

6692

455,306

Тенкодого

Булькиемде

4269

461,158

Кудугу

Ганзургу

4178

289,270

Зорго

Гурма

11117

258,192

Фадан-Гурма

Зиро

5139

119,318

Сапуи

Зондома

1758

139,784

Гурси

Зундвеого

3604

213,112

Манга

Иоба

3289

160,773

Дано

Йага

6468

132,964

Себба

Йатенга

6990

483,491

Вахигуя

Кадиого

2805

1365,958

Уагадугу

Кенедугу

8137

221,733

Ородара

Комонжари

5048

54,885

Гаери

Комоэ

15277

261,738

Банфора

Комииенга

7029

122,781

Пама

Коси

7324

249,923

Нуна

Кульпелого

2497

319,606

Варгае

Курвеого

1588

124,554

Бусе

Куритенга

2622

280,024

Купела

Лебара

3129

105,895

Синду

Лорум

3592

125,645

Титао

Мухун

6668

273,309

Дедугу

Найала

3919

149,002

Тома

Наментенга

6464

270,909

Бульса

Наури

3754

145,749

По

Нумбиель

2739

56,738

Батие

Ньянья

8468

338,041

Боганде

Пасоре

3867

293,432

Яко

Пони

7365

221,200

Гава

Сангие

5178

270,924

Рео

Санматенга

9281

482,013

Кая

Сено

6863

232,425

Дори

Сисили

7136

169,834

Лео

Сум

12222

285,722

Жибо

Суру

5765

217,896

Туган

Тапоа

14594

261,117

Диапага

Тюи

5639

172,778

Хунде

Убритенга

2778

224,640

Зиниаре

Удалан

9797

146,017

Гором-Гором

Уэ

11568

762,415

Бобо-Диуласо

Мамлекеттик түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Буркина-Фасо унитардык мамлекет. Азыркы Конституциясы 2-июнда 1991-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы президенттик республика. Мамлекет жана аткаруу бийлигинин башчысы президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы эки палаталуу парламент (Улуттук жыйналыш жана Өкүлдөр палатасы). Саясий партиялары: Демократия жана прогресс Конгресси, Африкалык демократиялык биримдик, Социалисттик партия жана башка.

Аймагынын басымдуу бөлүгүн плато ээлейт. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги. 200–500 м, эң бийик жери Тена-Куру (749 м) тоосу. Климаты субэкватордук; үч мезгилге бөлүнөт: суук, кургак мезгил ноябрдан майга чейин; ысык, кургак марттан майга чейин; ысык, нымдуу мезгил жылдын калган бөлүгү. Жылдык жаан-чачыны 450 ммден 1100 ммге чейин, ал түштүк-батыштан түндүккө жана Түндүк-чыгышка карай азаят. Марттан майга чейин чөлдөн соккон харматан ысык шамалы кургакчылыкты күчөтөт. Айлык орточо температурасы декабрь–январда 24°–26°С, апрель–майда 30°–35°Сге чейин өзгөрөт. Уагадугу шаарынын марттагы орточо температурасы 41°Сге чейин жетет. Аймагынын басымдуу бөлүгү Вольта дарыясынын алабына кирет. Ири дарыялары: Кара (Мухун), Ак (Накамбе) жана Кызыл (Назинон) Вольта. Кара Вольта дарыясында кеме жүрөт, кышында кургап, жайында жайылып агат. Кен байлыктары: акиташ, мрамор, марганец, жез, никель, фосфорит, боксит, цинк, коргошун, күмүш, алтын. Өлкөнүн аймагынын көп бөлүгүндө бийик тоолуу саванна өсөт. Кээ бир жерлеринде акация жана бадалдардан турган токой кездешет. Токой өлкөнүн 9%ин ээлейт. Жалпы аянты 3,14 млн га (2005) болгон коргоого алынган 13 табигый аймагы бар, анын ичинде Каборе-Тамби жана Дубль-Ве улуттук парктары уюштурулган.

Эли негизинен нигер-кардофан (гур жана манде) тилинде сүйлөшөт. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 43,4 киши. Өлкөдөгү элдердин жарымы моси тобундагылар. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники 47, аялдарыныкы 49 жашаары Ислам (50% мусулмандар) жана христиан (10% католиктер) диндерин тутат.

Буркина-Фасонун аймагында алгачкы мамлекеттердин пайда болушу 13–14-кылымдарга таандык. 11-кылымда Түндүк-батыштан моси уруулары көчүп келип, жергиликтүү урууларды багындыруу менен өз мамлекетин негиздешкен. 13–14-кылымдан Уагадугу, Ятенга, Тенкодого жана Фадан-Гурма мамлекеттери өкүм сүргөн. 17-кылымда саясий бытырандылык күч алган. 18-кылымдын башында ислам дини тарай баштаган. 1895-жылы. Буркина-Фасонун аймагына француз аскерлери басып кирип, 1897-жана башка-Ф. Жогорку Вольта деген ат менен француздук Батыш Африканын курамына киргизилген. 1904-жана башка-Ф. Франциянын Жогорку Сенегал-Нигер колониясына кошулган. 1919-ж. Француздук Батыш Африканын курамындагы өзүнчө администрациялык бирдик болуп түзүлгөн, 1932–47-ж. башка француз колонияларынын бир бөлүгү болуп турган. 2-дүйнөлүк согуш жылдарында Буркина-Фасонун аскерлери Франция тарабында фашисттик коалицияга каршы согушкан. 1947-ж. Франциянын «деңиздеги алыскы аймагы» катары статус берилип, азыркы чегарасы белгиленген. 2-дүйнөлүк согуштан кийин Буркина-Фасодо улуттук-боштондук кыймыл күч алган. 1958-жана башка-Ф. Француз Коомдоштугуна мүчө мамлекет статусун (өлкө «автономиялуу республика» аталган) алган, 1960-ж. 5-августта көз карандысыз мамлекет болуп жарыяланган. 1960-ж. жаңы конституциясы кабыл алынып, ага ылайык Буркина-Фасо француз Коомдоштугунан чыккан. 1961-ж. өлкө Африка-Малагаси союзуна (1970-жылдан Жалпы Африка Малагаси-Маврикия уюму) кирген. Өлкөнүн алгачкы президенти М. Ямеого өлкөдөгү саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Өкмөткө каршы жапырт чыгуулардан кийин, 1966-ж. январда подполковник С. Ламизана мамлекет жана өкмөт башчысы болуп калган. Конституция колдонулбай, саясий партияларга кайрадан тыюу салынган. 1971-жылдын февралынан президенттик посту ээлеген Ламизана 1974-ж. февралда конституцияны жокко чыгарып, парламентти таркатып, жаңы өкмөттү башкарып калган. 1978-ж. жаңы конституция күчүнө кирген. 1979–80-ж. өкмөткө каршы кыймылдардан кийин, 1980-ж. ноябрда полковник Сайе Зербо Ламизананы бийликтен четтетип, Аскердик кеңештин башчысы катары өлкөдөгү жогорку бийликти өз колуна алган. 1982-ж. аскердик төңкөрүштүн жүрүшүндө Зербо бийликтен кетип, майор Уэдраго жетектеген элдик сактап калуу Кеңеши бийликти ээлеген. 1984-ж. 4-августта болуп өткөн кезектеги төңкөрүштөн (Т. Санкара бийликке келген) кийин өлкөнүн аталышы Жогорку Вольта Республикасынан Буркина-Фасо («Адал адамдар эли») деп өзгөртүлдү. 1987-ж. кайрадан төңкөрүш болуп, аны жетектеген Б. Компаоре Буркина-Фасонун жаңы президенти болуп калган. 1991-ж. 11–июнда жаңы конституция кабыл алынган, 1997-ж. ага өзгөртүүлөр киргизилип, анда президентти жаңы мөөнөткө шайлоо укугу берилген. 2005-ж. 13-ноябрдагы шайлоодо Б. Компаоре кайрадан президент болуп шайланган.

Буркина-Фасо агрардык өлкө. ИДПде Айыл чарбасынын үлүшү 39,5%, өнөр жайыныкы 19,3% (2004). ИДини киши башына бөлүштүргөндө 1200 доллардан (АКШ) туура келет. Айыл чарба башкы тармагы мал чарбачылыгы. Пахта, жер жаңгак, май берүүчү пальма, балкамыш, ак жүгөрү өстүрүлөт. Дарыяларынан балык кармалат. Пахта тазалоочу, булгаары-бут кийим, текстиль өнөр жайы бар. Өлкөдө сымап, марганец, алтын, фосфор, никель, мрамор казылып алынат. 2003-ж. 375,6 млн кВт∙с электр энергиясын өндүргөн. Сыртка пахта, жер жаңгак, мал (тирүүлөй) жана мал продукциялары чыгарылат. Сырттан химия жана оор машина куруу өнөр жайына керектүү продукцияларын, транспорт жабдууларын, тазаланган нефть продуктуларын, азык-түлүктөрдү алат. Автомобиль жолунун узундугу 12,5 миң км, темир жолунуку 622 км. Негизги соода шериктештери: Франция, Кот-д’Ивуар, Кытай, Сингапур, Гана, Бангладеш, Того.

Бардык окуу жайлары Негизги жана жогорку билим берүү министрлигине карайт. Азыркы билим берүү системасы француз модели менен түзүлгөн. Уагадугу, Бобо-Диуласо шаарында университет, илимий-изилдөө институттары, Улуттук китепкана, Улуттук музей бар. Телекөрсөтүүсү 1963-жылдан иштейт. Күн сайын чыгуучу мезгилдүү 4 гезит, жума сайын 20 жана ай сайын чыгуучу мезгилдүү басылмалар бар. Адабияты 1930-жылдан француз тилинде өнүгө баштаган. 1960-жылдарда драматургия жанры өнүккөн. 1990-жылдарда социалдык-турмуштук романдар пайда болгон. Байыркы искусство эстеликтери аскадагы сүрөттөр сакталып калган. Архитектурада чоподон салынган чатыры жалпак мечиттер жана чоң пирамида сыяктуу жыгач устундар аркылуу бекитилген мунаралар сакталган (Уагадугу, Бобо-Диуласо).

Колдонулган адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]