Манде тилдери
Көрүнүш
Манде тилдери - тилдердин Нигер-конго макробүлөсүнө тийиштүү 2 бутакка: түндүк (мандетан) – бамбара, сонинке, хасонке, азер, конянке, коронке, ваи ж. б.; түштүк (мандефу) – кпелле, менде, тома, шанга, буса, биса, зиало, дьялонке тилдерине бөлүнөт. Манде тилдери Мали, Гвинея, Сенегал, Гамбия, Либерия, Сьерра-Леон, Буркина-Фасо ж. б. өлкөлөрдө тараган. Манде тилдерин мандеистика илими изилдейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7