Кызыл деңиз

Википедия дан
Кызыл деңиз.

Кызыл деңиз Инди океанындагы жер ортолук деңиз, Африка материги менен Араб жарым аралынын (Түштүк-Батыш Азия) аралыгында жайгашкан. Египет, Судан, Эритрея, Израиль, Иордания, Сауд Арабиясы жана Йемен мамлекеттеринин жээктерин чулгап жатат. Баб-эль-Мандеб кысыгы аркылуу Инди океаны, Суэц каналы аркылуу Жер ортолук деңиз менен туташат. Аянты 460 миң км2. Эң терең жери 3039 м. Жээктеринде булуң-буйткалар аз. Суэц жана Акаба булуңдарынын (түндүгүндө) аралыгында Синай жарым аралы деңизге кирип турат. Ири аралы — Дахлак. Суткасына 2 жолу ташкындайт, бийиктиги деңиздин ачык бөлүгүндө 0,6 мге жетет. Кызыл деңиз дүйнөдөгү эң жылуу (32°Сге чейин) жана туздуу (38-42%) көлдөрдүн бири. Европаны Азия жана Австралия менен байланыштыруучу кыска деңиз жолу. Балык кармалат, бермет алынат. Негизги порттору: Суэц (Египет), Порт-Судан (Судан), Массауа (Эфиопия), Жида (Сауд Арабиясы), Ходейда (Йемен). Деңиздин аты андагы көптөгөн балырлардын (Frishodesmium erythraeum) сууга кызыл түс берип турушунан пайда болгон деп божомолдонот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]