Баб-эль-Мандеб кысыгы
Jump to navigation
Jump to search
Баб-эль-Мандеб кысыгы Араб жарым аралынын түштүк-батыш учу менен Африканын аралыгында. Кызыл деңизди Араб деңизиндеги Аден булуңу менен туташтырат. Узундугу 109 км, эң кууш жери 26 км, эң тайыз жери фарватеринде 31 м. Перим аралы кысыкты эки өткөөлгө (Чоң жана Кичи) бөлөт. Кысык жана Суэц каналы аркылуу Европаны Чыгыш жана Түштүк Азия, Австралия менен байланыштырган эң кыска суу жолу өтөт.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1