Александрия

Википедия дан
Александрия (2006).
Александрия маягы.

Александрия - (ар. Аль-Искандария) - Египет Араб Республикасындагы шаар. Жер ортолук деңиздин жээгинде, Нил дарыясынын дельтасынын батыш бөлүгүндө жайгашкан. Александрия мухафазасынын (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 3,8 млн (2005, калкынын саны боюнча өлкөдөгү 2-шаар). Өлкөнүн башкы деңиз порту (жылына 13 млн о жүк ташылат) жана ири соода өнөр жай борбору Эль-Махмудия каналы аркылуу Нил дарыясы менен байланышат. Темир жана автомобиль жолдор тоому. Эл аралык аэропорт. Египеттен ташылган жүктүн 4/5инө жакыны Александрия аркылуу өтөт. Суэц - Каир - Танта - Александрия нефть, Абу-Кир - Александрия газ куурунун акыркы пункту. Нефть ажыратуу, химиялык, цемент, текстиль, машина куруу, металл иштетүү, кеме куруу жана оңдоо өнөр жайы иштейт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Океанография, балык чарбасы, гидрология илимий-изилдөө институту, университет бар. Александриянын чет жакасында жайкы деңиз курорту жайгашкан. Александрияны б. з. ч. 332-331-ж. Александр Македонский негиздеген. Птолемейдин падышачылыгы убагында (б. з. 305-30-ж.) Египеттин жана эллинизм маданиятынын борбору, антика доорунун башкы маданий жана экономикалык борборунун бири болгон. 7-кылымда арабдардын ээлигине өткөн. Антикалык доордогу эстеликтерден - Форос аралындагы бийиктиги 120 м келген 3 кабаттуу маяк (б. з. ч. 3-к.; дүйнөдөгү жети кереметтин бири), көптөгөн мечиттер (17-19-к.), Помпеи же Диоклетиан колоннасы, некрополь, катакомбалар, байыркы грек-рим музейи сакталган. Арх-ралык эстеликтерден мечит (1718-к.), асем сарайлар (азыр музей) [Рас-эт-Тин (19-к-дын башы), парктуу Мунтаза (20-к-дын башы), Мухаммед Али (20-к.)] калган. 1985жылдан Жерортолук деңиздин жээгиндеги мамлекеттер кинофестивалын өткөрүшөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1