Александрия маягы
Jump to navigation
Jump to search
Александрия маягы - « Дүйнөнүн жети керемети » деп аталган статуялар менен курулмалардын бири; Фарос аралында, Александрия шаарына жакын жерде б. з. ч. 280ж. ч. курулган. Биринин үстүнө бири кабатталган үч бөлүктүү мунаранын бийиктиги 120 мге жеткен. Анын чокусунда туш тарабы ачык таш чарпаяда от күйүп, кемелерге жол көрсөтүп турган.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1