Араб халифаты

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Араб халифаты — халифтер (орун басар) башкарган араб-мусулман мамлекеттеринин Европа элдериндеги аталышы. Араб халифаты 7-кылымдын башында Мухаммед Батыш Аравияда түзгөн мусулман жамаатынын (Умма Мухаммадийа) негизинде түзүлүп, алгачкы халифтер Абу Бекр (632- 634), Омар (634-644), Осмон (644-656) жана Али ибн Абу Талиб (656-661) мусулман жамаатынын эрки менен шайланышкан. Алар бийлик жүргүзгөн мезгилдерде араб халифаты ири империяга айланган. Халифаттын алгачкы борбору Медина шаары болгон. Арабдардын жеңип алууларынын натыйжасында, араб халифатынын курамына Араб жарым аралынан тартып Ирак, Иран, Орто Азия, Сирия, Палестина, Египет, Түндүк Африканын, Закавказье менен Пиреней жарым аралынын көп бөлүгү, Синдди камтыган кеңири аймактар каратылган. Төртүнчү халиф Алинин өлүмүнөн кийин халифатта бийлик Омеяддар династиясынын өкүлү Муавияга өтөт. Ушундан тарта халифти шайлоо жолу менен бийликке келүүсү токтотулуп, династиялык башкаруу орнотулат. Муавия өлкөнүн борборун Дамаскка көчүрөт. 685-жылы бийликке келген халиф Абд ал-Маликтин тушунда араб тили халифаттын расмий тилине айланып, анын курамындагы мамлекеттерде иш кагаздары араб тилинде жүргүзүлө баштаган. Мамлекеттин аймагынын чоңдугунан халифаттын курамына кирген облустар халиф тарабынан дайындалган атайын өкүлдөр тарабынан башкарылган жана халифтерге мыкты кызмат өтөгөн айрым провинциялардын башкаруучулары да бийликти мурастоого укук алышкан. Кээ бир аймактарда диний жана этникалык карама-каршылыктар сепаратизмдин башталышына шарт түзүп, бийлик жергиликтүү эмирлер менен султандардын колуна өткөн жана Тунисте, Египетте, Чыгыш Африкада жана Орто Азияда жергиликтүү династиялардын түзүлүшүнө алып келген (Сасаниддер, Тулуниддер, Тахириддер, Аглабиддер, Саманиддер, Буиддер жана башка). Омеяддардын бийлиги ич ара чатактардын натыйжасында кулатылып, 750-жылы Абу Муслим жетектеген козголоңдун натыйжасында Омеяддардын акыркы башкаруучусу Мерва II өлтүрүлүп, принц Абд ар-Рахман Андалуска (Испания) качып кетпп, ал жакта Кордова эмиратын негиздеген. Бийликке келген Аб-уль Аббас Саффах Аббасиддер династиясын негиздеген. 929-жылы Испаниядагы Омеяддардын акыркы өкүлү Абд ар-Рахман III өзүн халиф деп жарыялап, Кордованы халифаттын борбору деп жарыялаган. Ошентип, Омеяддардын Кордова жана Аббасиддердин Багдад халифаттарынын ар бири ислам дүйнөсүндө мыйзамдуу жогорку бийликке ээ болууга аракеттенген. 972-жылы Фатимиддер династиясынын (909-1171, Түндүк Африкада, борборуКаир) негиздөөчүсү Убайдаллах да халиф жана махди титулун алган. Аббасиддер халифаттын борборун Багдадга көчүрүп (айрым адабияттарда Багдад халифаты деп аталган), алардын тушунда араб халифаты Чыгыштагы борборлоштурулган ири державага айланып, Аббасиддердин доору мусулман мамлекеттүүлүгүнүн жана маданиятынын гүлдөгөн мезгили болгон. 1258-жылы Хулагу жетектеген монгол аскерлери Багдадды алып, Аббасиддердин акыркы өкүлү халиф Мустасимди өлтүргөндөн кийин араб халифаты өз алдынча мамлекет катары жоюлган. Аббасиддер Египетке качып барып, Каирде башкарышкан. 1517-жылы халифтин укугу Осмон түрктөрүнүн султандарына өткөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]