Кордова халифаты

Википедия дан
Кордова халифаты (1000-ж).

Кордова халифатыПиреней жарым аралындагы мамлекет. Омейя Абд ар-Рахман I Аббасиддерден Андалуска (Испанияга) качып келип, 756-ж. Кордова эмирлигин түзгөн. Эмирлик 9-кылымдын аягында айрым феодалдык ээликтерге бөлүнүп кеткен. 929-ж. өзүн халиф деп жарыялаган Абд ар-Рахман III мамлекеттин саясий биримдигин калыбына келтирип, Кордованы көз каранды эмес мамлекет деп жарыялаган. Абд ар-Рахман III нүн мезгилинде Кордова халифатында 3000ден ашык мечит пайда болуп, жарым миллиондой калкы менен мусулмандардын рухий борборуна айланган. Кордова халифатынын Кордова, Гранада жана Севилья шаарларында укук, философия, адабият, математика, медицина, астрономия, тарых жана география сабактарын окуткан мектептер салынган. Кордова халифаты 945-955-ж. Византияга, 955-969-жылдары Германияга элчилерин жиберип, мамиле түзүп турган. 10-кылым — Кордова халифатынын гүлдөп турган мезгили. Шаарлардын, элдин саны көбөйүп, кеме куруу, тоо-кен өнөр-жай өнүккөн.
Кордова халифаты 11-кылымдын башында феодалдык бүлгүнгө учурап, майда эмирликтерге бөлүнүп кеткен. Кийинчерээк (11 кылымдын аягында) алар Түндүк Африкадан келген альморавид берберлеринин көзөмөлүнө өткөн.
Кордова халифатынын көрүнүктүү башкаруучулары: Абд ар-Рахман III (912—961), аль-Хакам II (961—976), Хажиб Мухаммед ибн Абу Эмир аль-Мансур (976—1002).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]