Аббасиддер

Wikipedia дан

Аббасиддер - араб халифтеринин династиясы (750-1258). Мухаммед пайгамбардын агасы Аббастан таралган. Аббасиддер Омеяддар династиясына каршы чыккан шииттик козголоңдун натыйжасында бийликке келген. Биринчи халифи - Абу-л-Аббас ас-Саффах (750-754) болгон. Аббасиддер халифаты ал-Мансурдун (754-775), ал-Махдинин (775-785), Харун ар-Рашиддин (786-809), ал-Момундун (813-833) тушунда өзгөчө күч алган. Жалпысынан династиядан 37 халиф чыккан. Аббасиддер тушунда халифаттын ордосу Сириядан Иракка көчүрүлүп, анын борбору 762-ж. ал-Момун тарабынан негизделген Багдад шаары болуп калган (айрым адабияттарда Аббасиддер мамлекетин Багдад халифаты деп да аташат). 8-кылымдын аягында Аббасиддер халифатынан айрым аймактар бөлүнөт (мисалы, Марокко, 788). 9-кылымда Аббасиддер халифатынын ыдыроо процесси күч алган, Ирандын, Орто Азиянын, Закавказьенин, Египеттин аймагында жергиликтүү династиялар (Тахириддер, Саффариддер, Тулуниддер, Багратилер жана башка) башкарган өз алдынча мамлекеттер түзүлө баштайт. 945-ж. Буилер Багдадды басып алышып, Аббасиддерди саясий бийликтен ажыраткан. Аббасиддер диний иштерге гана аралашып калган. 1258-ж. Хулагу хан баштаган монголдор Багдадды басып алып, Аббасиддер династиясы жоюлган. Аббасиддердин халифи аль-Мустасим (1242-58) Хулагу-хан тарабынан өлтүрүлгөн. Хулагулардын куугунтугунан аман калган Аббасиддердин өкүлү ал-Мустансирди 1261-ж. Египеттеги мамлюк султаны Бейбарс халиф деп тааныган. 1517-ж. Египетти түрктөр басып алган соң, түрк султаны Селим халиф Мутаваккил Шнү Стамбулга көчүрүп, ошондон кийин халиф атагы түрк султандарына өткөн. Аббасиддердин тушунда чыгыштагы ири мамлекет Араб халифатынын түзүлүшү аяктаган. Аббасиддер доору мусулман мамлекеттүүлүгүнүн жана маданиятынын гүлдөгөн мезгили болгон.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1