Омейяддар династиясы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Омейяддар династиясы – Муавия I ибн Абу Суфйан негиздеген араб халифтеринин династиясы (661–750). Мекедеги Курейши уруусунун Омейя тукумунан чыккан. Анын биринчи халифи Сирия башкаруучусу Муавия I (661–680) болгон. Омейяддар династиясы Түндүк Африка, Пиреней жарым аралынын көп бөлүгүн, Орто Азия, Азербайжан жана Грузиянын бир катар аймактарын караткан. Алардын бийлиги укумдан-тукумга калган. Халифаттын борборун Куфтан Дамаскиге көчүрүшкөн. Сирия халифаттын борбордук провинциясына айланган. Халифтин таянычы араб феодалдары, негизги өндүргүч күчү дыйкандар болгон. Кулдар тейлөө кызматтарында жана аскерлерде колдонулган. Кол өнөрчүлүк менен соодагерчилик салык төлөөчү жергиликтүү калктын колунда болгон. Мамлекеттик кызматкерлер да алардан чыккан. Суфьяниддерден (Абу Суфьяндын урпактары) чыккан акыркы омейяд халифи Язид I (680–683-ж. башкарган) каза болгондон кийин халифат таркап кеткен. 7-кылымдын аягында Омейяддар династиясынын бир бутагына кирген Мерванид династиясынын негиздөөчүсү Мерван I (683–685-ж. башкарган) Омейяддар династиясын калыбына келтирген. Омейяддар династиясы тушунда араб тили мамлекеттик тил болуп, буга чейин колдонулган сасаниддик жана византиялык тыйындардын ордуна алтын динар менен күмүш дирхемдер чыгарылган. Салыктар оор болгондуктан, каратылган элдердин жана шейиттердин козголоңу күчөп, Абу Муслим баштаган көтөрүлүштүн (747–750) натыйжасында Омейяддар династиясы кулатылып, бийликке Аббасиддер келген. Тирүү калган Омейяддардын өкүлүнүн бири Абд ар-Рахман I Испанияга жетип, 756-ж. Кордова эмиратын куруп, кордовалык Омейяддар династиясын түзгөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]