Араб маданияты
АРАБ МАДАНИЯТЫ – 7–10-к-да Араб халифатындагы арабдардын ж-а алар жеңип алган Чыгыш м-н Батыштын, Түндүк Африка м-н Түштүк-Батыш Европанын элдеринин маданий карым-катнаштарынын негизинде түзүлгөн маданият. Ил. адабиятта шарттуу түрдө мусулман же А. м., ал эми акыркы жылдары аны Чыгыш Ренессансы деп да аташат. Анын өнүгүүсүнө айрыкча Орто Азия, Иран, Закавказье элдери да чоң салым кошкон. А.м-нын өнүгүшү эки чоң багытта: табият таануу илимдери, коомдук гуманитардык илимдерди камтуу м-н өнүккөн. Анын мүнөздүү белгиси – бул маданиятка салым кошкон аалымдар көп тармакты өздөштүргөн энциклопедиялык мааниге ээ болгон окумуштуулар. Көп учурда алар философия, тарых, мед., математика, физика, биология тармактарын өздөштүрүү м-н акын-жазуучу, адабиятчы ж-а тилчи да болушкан. Ошол доордогу улуу даанышмандар – Жами, Ибн Сина, Фараби, Беруни, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари (Барскани) ж.б. маданиятты байытып, алдыга жылдырууда чоң салым кошкон. Араб тили илим-билимдин тили катары эсептелип, араб сөздөрү илим аркылуу дүйнө жүзүнө жайылган, башка элдердин лексикологиясына сиңип калуу м-н азыркы күнгө чейин сакталып келүүдө. Мис., алкоголь, алгебра, азимут, тариф, адмирал ж.б. Европа элдеринин тилинде, ал эми адабият, маданият, китеп, мектеп, калем, дептер ж.б. араб сөздөрү түркий тилде сүйлөгөн элдерде сакталып калган.
Араб жазуусун көп элдер өздөштүрүп, айрымдары ушул күнгө чейин колдонууда. Кыргыздарга бул жазуу орто кылымдардагы Караханийлер кагандыгынын доорунда (960-ж. тартып) белгилүү. Жусуп Баласагын «Куттуу билим» (1069) аттуу эмгегин араб тамгасы м-н жазган. Кыргыздар бул жазууну Совет доорунда да колдонушкан. Араб тилиндеги же араб тамгасын пайдаланып жазылган тарыхый булактар Орто Азия элдеринин өткөн доордогу жашаган жерлери, тиричилиги, турмушу, салты, үрп-адатынан кабар берет.
Табият илими
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Табият илимдерин өнүктүрүүдө аалымдар байыркы грек окумуштууларынын (мис., Птоломей, Архимед, Евклид ж.б.) эмгектерин араб тилине которуп, аларды өздөштүрүшкөн. А.м-нын Европага өтүшү техникалык жаңылыктарды (саат, компас, парустары кыйгач кайык, алгебра, алгоритм теориясы ж.б.) берди. Кол өнөрчүлүк ж-а соода м-н байланышкан математика, астрономия, геогр. илимдери өнүгөт. Орто 18 Азиялык окумуштуу Абу Райхан Бируни биринчилерден болуп жердин шар түрүндө экендигин, жер күндүн айланасында ж-а өз огунда тегеренип тургандыгын далилдеген. Абу Али ибн Сина көп ооруларды биринчи жолу сыпаттап жазып, аларды эмне м-н кандайча дарылоо жолдорун, ыкмаларын көрсөткөн.
Коомдук илимдер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Философияны өнүктүрүүдө, айрыкча грек окумуштуусу Аристотелдин (Чыгышта аны Аристу дешкен) философиялык ой жүгүртүүлөрү, тыянактары ж-а божомолдоолору кенен жайылган, окуп үйрө-нүлгөн. Аристотелдин ил. мурасын калк арасына жайылтууда Абу Наср Фараби чоң роль ойногон. Ал биринчи болуп Аристотелдин философиялык эмгектерине түшүндүрмө (комментарий) жазган. Тарых илимин өнүктүрүүдө да чоң ийгиликтер болгон. Көрүнүктүү тарыхчы аз-Зухра, араб халифатынын тарыхын жазган Мукаддаси, Дулаф, Истахри, Абу Райхан Беруни өз эмгектеринде Карахан дөөлөтү, кыргыз аймагы, кыргыздар ж-дө да баалуу маалыматтарды калтырган. Арабдардын оозеки көркөм чыгармачылыгында башка элдердин таасири анчалык эмес. Арабдар жарым көчмөн дыйканчылык м-н жашагандыктан, оор турмушту чагылдырган эмгек, бешик, көч ж.б. мазмундагы элдик поэзия өнүккөн. Сирия ж-а Ирак араб поэзиясынын борбору болуп калган. Бул аймактан ал-Ахраль, ал-Жарир, ал-Фараздак сыяктуу көрүнүктүү акындар чыккан. Ойчул Башшар ибн Бурд (783-ж. өлгөн) фольклордук чыгармаларды чогулткан, аларды сирия, пехлева, грек тилдерине которуп, араб поэзиясын өркүндөткөн. Араб прозасынын үлгүсү катары «Миң бир түн» чыгармасы дүйнө элдерине кеңири белгилүү. Рухий турмуш, ой толгоо, айрым диний тыянактар ж-дө «Куран» китеби маалымат берет.
Архитектура жана сүрөт өнөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Архитектура иши өркүндөтүлүп, шаарлар, жаңы үлгүдөгү үйлөр, мечиттер, медреселер, мектептер, мунаралар салынып, ири шаарлар Рабат, Марракеш, Фуста, Гранададагы Аль-Гамбра двореци курулган. Сүрөт искусствосу 10–12-к-да айрыкча Египетте өркүндөгөн. Көрүнүктүү орунду арабеска, китеп миниатюрасы ээлейт. Ал эми араб музыкасы арабдардын өзүнүн ж-а алар басып алган өлкөлөрдүн таасири м-н калыптанган. Вокалдык-аспаптык жанр айрыкча кеңири тараган, мында башкы роль ырчыга таандык болгон.