Жусуп Баласагын

Wikipedia дан
Жусуп Баласагын
Jusup Balasagyn.jpg
Туулган жери:

Баласагын шаары

Каза болгон жери:

Кашкар шаары

Ишмердүүлүгү:

акын, ойчул

Чыгармалары Bizdin.kg сайтында

Жусуп Баласагын — дүйнөлүк руханий маданияттын ири өкүлдөрүнүн бири. Ал изилдөөлөрө караганда, 1015-жылы же 101-жылы азыркы Кыргызстандагы Токмок шаарынын түштүк тарабындагы Бурана эстелиги турган жерде — өз учурунда акындардын, окумуштуулардын, кол өнөрчүлөрдүн шаарына айланган Баласагын шаарында туулган.

Жусуп Баласагын өзүнүн «Куттуу билим» («Кутадгу билиг») аттуу 13 000 саптан турган чыгармасын эски түрк тилинде, 10691070-жылдары 19 айдын ичинде жазган.

Бул дастан акылмандыкка жол көрсөтөт, адамды, табиятты сыйлоого чакырат. Жусуп Баласагын бул эмгегинде адеп-ахлактын ар бир үлгүсүн, таасирин, коомдук түзүлүштүн мыйзамын, тартип эрежелерин, ал тургай адам оз боюн кантип алып жүрүшү керек экендигине чейин баяндап айткан.

Окумуштуу Р. Араттын эсеби боюнча поэма жазып бүткөн мезгилде Жусуп 54 жашта болгон. Ал поэманы Баласагын шаарында баштап, 1067-1070-жж. Кашкарда аяктап, баш аягы 18 айда бүтүргөн, хандын ханы деп аталган Кашкар шаарынын башкаруучусу Тавгач Буура Карахан Абу-Али-Хасанга тартуу кылган. Ал поэманын терең мазмунун түшүнүп, алкыш иретинде акынга «Улуг-Хасс-Хажиб» деген наам берген. Мунун мааниси «Хасс» арабча хан сарайдагы урматтуу адамдардын бири, ал эми «Улуг-Хасс-Хажиб» хан ордосунда кызмат өтөгөн өтө кадырман адамдын наамы.

Жусуп Баласагын улуттук валютанын 1000 сомдук номиналында

Баласагындык Жусуптун «Кутадгу билиг» поэмасы биздин ата-бабаларыбыздын рухий турмушунда кылымдардан бирдиктүү, өз ара байланыштуу эки маданияттын — отурукташкан жана көчмөн маданияттарыбыздын түпкү башатын ырастаган элдик кенч. Бул чыгармадан Кыргызстандын орто кылымдардагы тарыхы боюнча маалыматтарды алууга болот.

Азыркы учурда Жусуптун «Кутадгу билиг» поэмасынын үч нускасы сакталып тургандыгын билебиз. Бир нускасы Вена шаарында (Австрия) сакталуу. Египеттин борбору Каир шаарында сакталып турган экинчи нуска 1986-жылы табылган.

Ал эми Намангандан табылган үчүнчү нускасы азыр белгилүү болгон нускалардын эң толугу болуп эсептелинет. Эстеликтин үчүнчү нускасы азыр Өзбекстан Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун кол жазмалар фондунда сакталууда. Наманган жана Каир шаарларынан табылган нускалар араб ариби менен жазылган.

Чыгарма чыгыш маданиятында кеңири тараган санат-насыят маанисиндеги кеңири тараган этикалык-дидактикалык эмгек.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Т.4. 155-157 бб.

Дагы караңыз[оңдоо | булагын оңдоо]