Хасс Хажиб

Википедия дан

Хасс Хажиб – Караханийлер мамлекетиндеги каганаттын ордо кызматкерлеринин башчысы (камергер). “Хасс Хажиб” даражасы – орто кылымдарбагы Борбордук Азиядагы Караханийлер мамлекетиндеги каганаттын ордо кызматкерлеринин башчысын (камергер) туюнткан. Философиялык-дидактикалык “Кутадгу билиг” дастанын караханийлик түрк тилинде жазган айтылуу Жусуп Баласагын 1070-жылы дал ушул эң жогорку даражага ээ болгон. Бул даражанын эки бөлүгү тең арапча “хасс” (“атайын”, “өзгөчө”) жана “хажиб” (“башкаруучу”) деген арапча сөздөрдөн турат. Демек, 960-жылдан тартып ислам динин расмий дин катары кабыл алган Караханийлер мамлекетинин аксарайындагы айрым титулдар 11-кылымда арап тилинде колдонулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук / Башкы редактор А.Табалдиев, Б.Ө.Орузбаева. - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1976-80. – Т. 1-6. - Т.4. 155-157 бб.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Чоротегин Т.К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын “Дивану лугати-т-турк” сөз жыйнагы: (1072-1077). Жооптуу редактор Өмүркул Караев. – Бишкек: Кыргызстан, 1997. – 169 бет, сүрөт, карта. - (ISBN 5-655-01222-7).