Мазмунга өтүү

Кыргыз сому

Википедия дан
Сом  (кырг.)
2009-жылдагы 5000 сом
2009-жылдагы 5000 сом
Коддор жана белгилер
ISO 4217 коддору KGS (417)
Символдор ⃀ • с • сом
Жүгүртүү чегарасы
Эмитент  Кыргызстан
Туунду жана параллелдүү бирдиктер
Бөлчөктүү Тыйын (1100)
Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар
Монеталар 10, 50 тыйын
1, 3, 5, 10 сом
Банкноттор 1, 10, 50 тыйын
1, 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500, 1000,2000, 5000 сом
Тарыхы
Киргизилди 10-май 1993-жыл
Мурда колдонулган валюта ССРС рубль (SUR) / Орусиялык рубль (RUR)
Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү
Эмиссиялык борбор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
www.nbkr.kg
Банкнота өңдүрүүчү De La Rue
www.delarue.com
Акча сарайы Казакстан акча сарайы
www.kmd.kz
Курстар 10 Апрель 2015-жылга көрсөтүлгөн
1 USD = 64,1 KGS
1 EUR = 67,75 KGS
1 GBP = 93,74 KGS
100 JPY = 53,19 KGS
1 RUB = 1,255 KGS
Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат.
Сом Уикиказынада

СомКыргызстандын акча бирдиги. Кыргыз Республикасынын улуттук акча бирдиги сом өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин, 1993-жылы 10-майда жүгүртүүгө чыгарылган.[1] 10-май — Банк кызматкерлеринин жана улуттук валютанын кабыл алынган күнү катары Кыргызстанда расмий белгиленет.[2]

Кыргыз валютасынын расмий чыгарылган датасы 1993-жылдын 10-майы деп эсептелгени менен биздин сомдун жаралуу тарыхы же "сом" - деген сөздүн колдонулушу СССР маалында пайда болгон. Кыргызстан СССР курамына союздук республика катары киргенден кийин 1938-жылдын үлгүсүндөгү 1,3 жана 5 рублдерде кыргыз тилиндеги – «сом» деген жазуу болгон. Түрк тилиндеги «сом» сөзү баардык түрк тилдеринде «рубль» сөзүн билдирет. Алгач ал «бүтүн», «бекем» маанисинде колдонулган. Кийинчерээк «бүтүндүн бөлүгү», «рубль» маанисинде колдонула баштаган. Монеталар менен майда акчалар «тыйын» деп аталган. Кокондун күмүш тенгелери, жез пулдары жана алгачкы россиялык копейкалар менен гривенниктер да ушундай аталмак. Азыр болсо сом Кыргыз Республикасынын негизги акча бирдиги болуп саналат.

СССР жоюлгандан кийин аймактын мамлекеттери үчүн кыйын кырдаал түзүлүп: инфляциянын болуп көрбөгөндөй өсүшү, Күнкорсуз шериктеш мамлекеттердин алкагында макулдашылган салык, валюта, баа, бажы саясатынын жоктугу, ошондой эле өкмөттөр аралык эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулардын натыйжалуулугунун жетишсиздиги. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн КМШ мамлекеттери өзүнүн улуттук валютасын киргизип, жеке экономикалык саясатын жүргүзүү керек болгон. Мындай кадамдарды алгачкылардан болуп Кыргызстан жасаган. 1993-жылы Кыргызстандын Өкмөтү улуттук валюта киргизүүнү сунуштап, 3-майда республиканын Жогорку Кеңеши министрлер кабинетинин сунушун бекитип берип[3]. Ал эми 10-майдан тартып Кыргызстан өзүнүн улуттук валютасы – кыргыз сомун киргизген. Өлкөнүн аймагындагы жүгүртүүдөгү Орусия рубилдери сомго алмаштырылып, алмаштыруу үч этапта жүргүзүлгөн. 1993-жылы 10-майдан 14-май күнү кечки саат 6га чейин Кыргызстандын аймагындагы жүгүртүүдөгү Орусия рублдери, СССР Мамбанкынын казналык жана банктык билеттери, рубль түрүндөгү активдер менен пассивдер сомго 200 рубль бир сом курсу менен алмаштырылган. Ар бир Кыргызстандын жараны (резиденти) бул аралыкта накталай рублин жогоруда аталган курс боюнча алмаштыра алган. Акча алмаштырууну жүргүзүү паспорт же паспортту алмаштырган документте «Өзгөчө белгилер» деген мөөр менен белгиленген[4]. Сом менен рублдин параллел жүгүртүлүшүнө ушул учурда гана уруксат берилген. Ошентип 1993-жылы 14-май күнү кечки саат алтыдан тартып сом республиканын аймагындагы жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты болуп калган. Жүйөлүү себептер менен белгиленген расмий мөөнөттө акчасын алмаштыра албай калган адамдар үчүн 17-майдан 21-майга чейин кошумча убакыт берилип. Ал эми ушул мөөнөттө да акчасын алмаштыра албай калгандар үчүн июндун башында дагы эки күн берилген. 3-июндан 4-июнга чейин рублди кыргыз сомуна эми жаңы курс боюнча – 1 сомду 260 рублдан алмаштырууга туура келген. Акча алмаштыруунун баардык мезгилинде болгону 14 млрд. рубль гана чогултулган. Бирок ошол кезде жүгүртүүдөгү накталай акча 53 млрд. рубль деп бааланганы менен Кыргызстандын чек арасы ачык болгондуктан, бул сан так болуп эсептелген эмес.

Сомдун тарыхында Кыргызстандын улуттук валютасы 4 ирет өзгөрүүгө учурады. 1993-жылы банкнотту өтө кыска аралыкта жана минималдуу аз чыгым менен даярдоо керек болгон. Ал кезде алгачкы банкноттор 1, 10, 50 тыйын жана 1, 5, 20 сом үлгүсүндө чыгарылган. Булар «өткөөл мезгилдин акчасы» деп аталган. Каражаттын жана убакыттын чектелүүлүгүнөн алгачкы банкноттор өтө деле мыкты сапатта эмес, дээрлик кагаз түрүндө болгон. 1994-жылдан баштап II сериядагы 1, 5, 10, 20, 50 жана 100 сомдук банкноттор чыгарылган. Бул сериядагы купюралар жогорку суммага даярдалбаса да мурдагыга караганда сапаттуу коргонуудагы банкнот болгон. 1997-жылдан 2002-жылга чейин экинчи чыгарылыштагы банкноттор акырындап III сериядагы банкнотторго алмаштырылган. Жаңы купюралар бир топ жогорку коргоо деңгээлине: ар бир банкноттун жеке өлчөмү жана түсү, суу белгиси, «терезе» түрүндөгү коргоочу жиби сыяктуу түп нускасынын жаңы белгилери, металлдаштырылган фольгасы, көп түрдүү өзгөрүүчү түскө ээ болгон голограммасы жана башка коргоо белгилери болгон. Жүгүртүүдөгү акчадан тышкары жогорку сандагы – 200, 500 жана 1000 сомдук банкноттор киргизилген. 2009-жылы 5000 номиналындагы банкнот жүгүртүүгө чыгарылып, кийинчерээк калган – 20, 50, 100, 200, 500 жана 1000 сом номиналдары да жаңыланган. Акыркы IV сериядагы банкноттор жогорулатылган жана жаңы коргоо белгилерине, кичирейтилген көлөмгө жана оригиналдуу жасалгага ээ. Ошондой эле 1, 10, 50 тыйын жана 1, 3, 5 жана 10 сом номиналындагы монеталар жүгүртүүгө чыгарылган. 2009-2010-жылдары жүгүртүүгө чыгарылган жаңы, IV сериядагы банкнот эң мыкты сериядагы улуттук валюта болуп саналат. Себеби 5000 сом номиналындагы банкнот «2009-жылдын банкноттору» деп аталган эл аралык кадыр-барктуу конкурста жеңүүчү катары аталгандыгы болуп саналат. Ал эми 1000 номиналындагы банкнот банк технологиясы боюнча эксперттердин баасына ылайык, 50 АКШ доллары, 50 евро жана 2010-жылдагы жаңы Орусиянын 1000 рублуна салыштырмалуу сапаты боюнча экинчи орунду ээлеген. Кыргыз Республикасынын улуттук купюра кагазын кармап көргөндөгү сапаты, суу белгисинин сапаты, банкноттун оптималдуу өлчөмү, голографиялык элемент жана микробасма категориялары боюнча мыкты деп таанылган.

Учурдагы абалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1992-жылы инфляциянын деңгээли 2000%дан ашык чекке жетип. Ал эми 1993-жылы улуттук валютанын киргизилишинен улам гана жеке акча-кредит саясатын жүргүзүүгө мүмкүн болгон. Бул чаралардан улам инфляциянын деңгээлин төмөндөтүүгө шарт жаралып. 1994-жылы инфляция 62,1%, 1995-жылы – 32,1%га чейин ылдыйлаган. Кыргызстандын улуттук валютасы киргизилген күндөн бүгүнкү мезгилге чейин өзүнүн туруктуулугун сактап келе жатат. Сом азыркы учурда КМШ аймагындагы туруктуу валюталардын бири болуп саналат. 2005-жылы сомдун алмаштыруу курсу башка валюталарга карата дээрлик өзгөргөн эмес. Анткен менен АКШ долларына карата сомдун курсу 1993-жылдан бери 15 ирет өзгөргөн. Эгер 1993-жылы 1 доллар 4 сомго барабар болсо, азыр алмаштыруу курсу болжол менен 70 сомдун тегерегинде.

Сүрөт Номиналы Диаметри, мм Калыңдыгы, мм Салмагы, г Чыгарылган жылы
1 тыйын
14
0,95
1,0
2008
10 тыйын
15
1,15
1,3
50 тыйын
17
1,22
1,8
1 сом
19
1,36
2,5
3 сом
21
1,4
3,2
5 сом
23
1,55
4,2
10 сом
24,5
5,4
2009

1993-жылы чыгарылган үлгүдөгү банкноталар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Банкноттордо чыгарылган жылы жазылган эмес. Акчаны майдалоо функциясын аткарган 1, 10, 50 тыйын жана 1, 5, 20 сом номиналындагы банкноттор 1993-жылы май айында жүгүртүүгө чыгарылган.

Кыргыз Республикасынын банкынын I сериядагы банкноттору
Сүрөт Номиналы Өлчөмү
(мм)
Түсү Чыгарылган күнү Алып ташталган күнү
Алдыңкы бети Арткы бети
1 тыйын
90×70
кызыл
10 май 1993
1 январь 2008
10 тыйын
жашыл
50 тыйын
көк
1 сом
140×70
кызыл
5 сом
жашыл
20 сом
көк
Масштаб изображений — 1,0 пикселя на миллиметр

1994-жылы чыгарылган үлгүдөгү банкноталар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Банкноттордо чыгарылган жылы жазылган эмес. 1994-1995-жылдары акча белгилеринин экинчи эмиссиясы ишке ашырылган. Биринчи чыгарылыштагы банкнотторго караганда “калайык-калктын улуттук валютага карата ишениминин калыптанышы мезгилинде” жасалмалуулуктан ишенимдүү корголгон банкноттор жүгүртүүгө чыгарылган. 1993-жылы чыгарылган үлгүдөгү банкноттор жүгүртүүдөн акырындык менен алынып, 1994-1995-жылдары чыгарылган үлгүдөгү 1, 5, 10, 20, 50, 100 сом номиналындагы банкноттор менен алмаштырылган.

Кыргыз Республикасынын банкынын II сериядагы банкноттору
Сүрөт Номиналы
(сом)
Өлчөмү
(мм)
Түсү Түшүндүрмө Чыгарылган күнү Алып ташталган күнү
Алдыңкы бети Арткы бети Алдыңкы бети Арткы бети
1
135х65
күрөң
сары
кыргыз композитору Абдылас Малдыбаев (19061978)
комуз, кыяк кыргыз музыкалык аспаптары
Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын фонунда
11 апрель
1994
1 январь 2008
5
көк
сары
кыргыз балеринасы Бүбүсара Бейшеналиева (19261973)
А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры
10
жашыл
сары
кыргыз окумуштуусу жана маданият ишмери Касым Тыныстанов (19011938)
Кыргызстандын тоо кыркалары жана Жети-Өгүз тоолору
20
кызыл
кызгыл сары
күрөң
кыргыз акыны Тоголок Молдо (18601942)
Манастын күмбөзү
50
кызыл-күрөң
кызгылт
Алай ханышасыКурманжан Датка (18111907)
Өзгөн архитектуралык комплекси
(Карахандар мечити жана күмбөзү)
29 август
1994
100
боз
күрөң
саргыч жашыл
кыргыз эл акыныТоктогул Сатылганов (18641933)
Токтогул ГЭСи
20 март
1995
Масштаб изображений — 1,0 пикселя на миллиметр

1997—2005-жылдары чыгарылган үлгүдөгү банкноталар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улуттук валютаны өркүндөтүүнүн үчүнчү баскычы 1997-жылдан тартып башталган. 1, 5, 10, 20, 50, 100 сом наркындагы, мурда чыгарылган банкнотторго салыштырганда өркүндөтүлгөн коргоо элементтерин камтыган банкноттор акырындык менен жүгүртүүгө чыгарылган. Ал эми 2000-жылы жогорку номиналдагы 200, 500, 1000 сом наркындагы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылган.

Кыргыз Республикасынын банкынын III сериядагы банкноттору
Жыл Сүрөт Номиналы
(сом)
Өлчөмү
(мм)
Түсү Түшүндүрмө Чыгарылган күнү Алып ташталган күнү
Алдыңкы бети Арткы бети Алдыңкы бети Арткы бети Суудай белгилер
1999
1
120×60
ачык күрөң
Абдылас Малдыбаев
комуз, кыяк,
Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын имараты
портрет
7-февраль
2000
1 январь
2010
1997
5
135×65
көк
Бүбүсара Бейшеналиева
А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры
17 декабрь
1997
10
жашыл
Касым Тыныстанов
Жети-Өгүз тоолору
2002
20
кызгыл сары
Тоголок Молдо
Манастын күмбөзү
портрет жана номинал
15-август
2002
50
145×70
сирень түстүү
кызгылт
Курманжан Датка
Өзгөн архитектуралык комплекси
100
150×72
ачык кызгылт көк
бозомук жашыл
Токтогул Сатылганов
Кан-Теңири тоосу
2000
200
155×74
сары
Алыкул Осмонов
Ысык-Көл
28 августа
2000
2004
2 август
2004
2000
500
160×76
кызгылт
Саякбай Каралаев
манасчынын сүрөтү тартылган
28 август
2000
2005
1 ноябрь
2005
2000
1000
165×78
серый
Жусуп Баласагын
Сулайман Тоо
28 август
2000
Масштаб изображений — 1,0 пикселя на миллиметр

2009-2010-жылдары чыгарылган үлгүдөгү банкноталар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз Республикасынын банкынын IV сериядагы банкноттору
Сүрөт Номиналы
(сом)
Өлчөмү
(мм)
Түсү Түшүндүрмө Чыгарылган күнү
Алдыңкы бети Арткы бети Алдыңкы бети Арткы бети
20
120×58
кызыл
кыргыз акыны Тоголок Молдо (18601942)
Таш-Рабат архитектуралык эстелиги
1 июль
2009
50
126×61
кызгыл сары
Алай ханышасы Курманжан Датка (18111907)
Өзгөн архитектуралык комплекси
(Карахандар мечити жана күмбөзү)
100
132×63
көк
кыргыз эл акыны Токтогул Сатылганов (18641933)
Токтогул ГЭСи
200
138×66
сары
кыргыз акыны Алыкул Осмонов (19151950)
Ысык-Көл
1 декабрь
2010
500
144×68
кызгылт көк
манасчы Саякбай Каралаев (18941971)
Манастын күмбөзү
1000
150×71
бозомук
Жусуп Баласагын (10161077)
Сулайман Тоо
5000
156×73
жашыл
кыргыз советтик актеру Суймөнкул Чокморов (19391992)
«Ала-Тоо» кинотеатры, Кыргыз Ала-Тоосу
2-март
2009
Масштаб изображений — 1,0 пикселя на миллиметр

2023-2024 жылдары чыгарылган үлгүдөгү банкноталар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаңы V сериядагы банкноттор Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган жана сырткы көрүнүшү менен коргоо элементтери жакшыртылган

Кыргыз Республикасынын банкынын V сериядагы банкноттору
Сүрөт Номиналы
(сом)
Өлчөмү
(мм)
Түсү Түшүндүрмө Чыгарылган күнү
Алдыңкы бети Арткы бети Алдыңкы бети Арткы бети
20
120×58
кызыл
кыргыз акыны Тоголок Молдо (18601942)
Таш-Рабат архитектуралык эстелиги
15 февраль

2024


50
126×61
кызгыл сары
Алай ханышасы Курманжан Датка

(18111907)

Өзгөн архитектуралык комплекси
(Карахандар мечити жана күмбөзү)
15 февраль

2024


100
132×63
көк
кыргыз эл акыны Токтогул Сатылганов

(18641933)

Токтогул ГЭСи
15 февраль

2024


200
138х66
сары
кыргыз акыны

Алыкул Осмонов (19151950)

Ысык-Көл
10 май
2023
500
144х68
кызгылт көк
манасчы

Саякбай Каралаев (18941971)

Манастын күмбөзү
10 май
2023
1000
150х71 мм
бозомук
Жусуп Баласагын (10161077)
Сулайман Тоо
10 май
2023
5000
156×73
жашыл
кыргыз советтик актеру Суймөнкул Чокморов (19391992)
«Ала-Тоо» кинотеатры, Кыргыз Ала-Тоосу
10 май
2024

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]