Тыйын

Википедия дан

Тыйын – жүгүртүү жана тейлөө каражаты катары колдонулуучу металлдан жасалган акча белгиси. Биринчи тыйындар биздин заманга чейинки 7-кылымдан баштап белгилүү. Бир эле мезгилде тарыхый, жазма жана буюм эстелиги катары маалымат берет. Тарыхый изилдөөдө эстеликтин мезгилин аныктайт; тыйындын салмагы, номиналы (баасы) өлчөм-чен тууралуу маалымат берет.

Жасалган материалына жараша коомдун өнүгүш деңгээлин аныктоого мүмкүндүк берет; тыйындагы жазуу аркылуу палеографияга, лингвистикага байланыштуу маалыматтарды алууга болот; тыйындагы сүрөттөр археологдор, этнографтар, искусство таануучулар үчүн табылгыс булак; тыйындагы өзгөрүүлөр (бузулушу, типтеринин өзгөрүшү, кошумча белгилердин коюлушу) акча реформалары, саясий-экономикалык баш аламандыктар жөнүндө кабар бериши мүмкүн.

Тыйын картографиясын түзүү, тыйын казналарын анализдөө – айрым аймактардагы соода байланыштарын билүүгө жол ачат. Тарых илиминин бир бөлүгү болгон нумизматика илими. тыйындын тарыхын изилдейт. Тыйынды окуп үйрөнүү геральдика, сфрагистика менен тыгыз байланыштуу.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]