Мазмунга өтүү

Бүбүсара Бейшеналиева

Википедия дан
Бүбүсара Бейшеналиева
Сүрөт
Туулган жылы:

17 -май 1926(1926-05-17)

Туулган жери:

Таш-Төбө айылы, Аламүдүн району, Чүй облусу, Кыргыз ССРи

Каза болгон жылы:

10 -май 1973(1973-05-10) (46 жаш)

Каза болгон жери:

Фрунзе ,Кыргыз ССРи, СССР

Ишмердүүлүгү:

Бийчи, Балерина, балет педагогу

Жарандыгы:

СССР желеги СССР

Театр:

Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театры

Ролдору:

Чолпон, Анар

Сыйлыктары:

СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРнин эл артисти

Эмгек Кызыл Туу ордени «Ардак Белгиси» ордени Калып:Эрдик эмгек медалы
СССР Эл артисти— 1958

Бүбүсара Бейшеналиева (17-май 1926-жылы, СССР, ОСФСР, Кыргыз АССР, Воронцовка айылы — 10-май 1973-жылы, СССР, Кыргыз ССР, Фрунзе) — кыргыз совет балеринасы, бийчи жана окутуучу. СССР Эл артисти (1958). Кыргызстандын биринчи балеринасы болгон.

Бүбүсара Бейшеналиева - атактуу балерина, кыргыз хореографиясын негиздөөчүлөрдүн бири.

1936-41-ж. Ленинград хореографиялык окуу жайында окуган.

1941-жылы Кыргыз мамлекетинде

опера жана балет театрынын солисти.

1949-жылдан Бишкектеги хореографиялык окуу жайынын педагогу. Сахнада В. Ференин “Селкинчек” (1943, балетмейстер Л. М. Крамеревский) балетинде Зайнуранын ролун аткаруу менен зор бийчилик жөндөмү, профессионалдык даярдыгы бар экенин көрсөткөн .

Ал катышкан “Чолпон” балет-фильми дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө коюлган.

Бий өнөрүндө көптөгөн образдарды жараткан.

Кыргыз ССР эл артисти (1954), СССР эл артисти (1958).

СССР Жогорку Советинин (1962-70), Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1955-62).

Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты(1970).

Эмгек Кызыл Туу, “Ардак Белгиси” ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Көрүнүктүү орус балеринасы Агриппин Ваганованын жетекчилиги астында окуган. Чоң театрда 1939-жылы өзүнүн чыгармачылыгын эл алдында көрсөтө алган.

1941-жылы Ленинграддагы хореографиялык окуу жайын бүтүргөндөн кийин Кыргыз опера жана балет театрына солистка болуп кирген. Кыргыздын улуттук “Чолпон”, ”Анар” партияларын аткарган.

Орус чыгармаларынан “Лебединое озеро”, ”Красный мак”, ”Спящая красавица” аттуу балетердин партияларын аткарган.

1949-жылдан баштап Фрунзе шаарындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында сабак берген.

СССРдин ЖКнин 6-7-чакырылышынын жана Кыргыз ССРнин ЖКнын депутаты.

1973-жылы 11-майда каза болгон жана сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Балеттик партиялар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • 1943 — «Селкинчек» В. Власов жана В. Фере — Зайнура
  • 1944 — «Чолпон» М. Раухвергер — Чолпон
  • 1947 — «Раймонда» А. Глазунов — Раймонда
  • 1949 — «Бахчисарай фонтаны» Б. Асафьев — Мария жана Зарема
  • 1950 — «Ак куулар көлү (Лебединое озеро)» П. Чайковский — Одетта-Одиллия
  • 1950 — «Анар» В. Власов жана В. Фере — Анар
  • 1953 — «Кызыл кызгалдак» Р. Глиэр — Тао-Хоа
  • 1953 — «Чолпон» М. Раухвергер — Айдай
  • 1955 — «Эсмеральда» Ц. Пуна — Эсмеральда
  • 1956 — «Уктап жаткан сулуу (Спящая красавица)» П. Чайковский — Аврора
  • 1960 — «Куйручук» К. Молдобасанов жана Г. Окунев — Зейнеп
  • 1962 — «Ромео жана Джульетта» С. Прокофьев — Джульетта
  • «Асел» В. Власов — Асел
  • «Корсар» А. Адан — Медора
  • «Ала-Тоодогу жаз» В. Власов жана В. Фере — Сайра
  • «Франческа да Римини» Б. Асафьев — Франческа
  • «Чоң вальс» И. Штраус — Фанни
  • «Лауренсия» А. Крейн — Лауренсия
  • «Дон Кихот» Л. Минкус — Китри
  • «Болеро» М. Равелдин музыкасына — Солистка

Фильмография

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары жана наамдары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти (1947)
  • Кыргыз ССРнин эл артисти (1954)
  • СССРдин эл артисти (1958)
  • Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгы (1970)

Кызыктуу фактылар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Б. Бейшеналиеванын уулу Эрмектин айтымында, Бүбүсара эжебиз 1926-жылдын 8-апрель күнү төрөлгөн, бирок күйөөсү, композитор Акмат Аманбаев менен ажырашкандан кийин паспортун өзгөртүп, анда туулган күнүн 17-май, Эрмектин туулган күнүнө карата атайын өзгөртүп алган. Мунун себебин уулу экөөнүн туулган күндөрү бир күндө болуусун каалаган деп түшүндүрөт.

  • 1994-жылдын 11-апрелинен тартып өлкөдө 5 сомдук номиналда Бүбүсара Бейшеналиванын сүрөтү менен колдонууга киргизилген.
  • Б. Бейшеналиева атындагы борбор калаабыз Бишкек шаарында көчө бар.
  • Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институту ачылган (1967).
  • Бишкек шаарында, опера жана балет театрынын жанында, Б. Бейшеналиеванын эстелиги орнотулган.
    Бүбүсара Бейшеналиванын 5 сомдук номиналдагы сүрөтү

Кыргыз тарыхы энциклопедия. Бишкек - 2003ж.

Айрым шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

БҮБҮСАРА БЕЙШЕНАЛИЕВА

БҮБҮСАРА - ЭЛ БИЙЧИСИ ЭЛЕ

БҮБҮСАРАНЫН ЭЛЕСИНЕ (жеткиликсиз шилтеме)