Кыргыз мамлекеттик искусство институту (КМИИ)

Википедия дан

Кыргыз мамлекеттик искусство институту (КМИИ) Б. Бейшеналиева атындагы — республикадагы жогорку музыкалык билим берүүчү окуу жайы. 1967-жылы Фрунзеде уюшулган. 1974-жылы институтка Б. Бейшеналиеванын ысмы берилген. Адегенде институтта 14 кафедрадан турган 3 факультет (фортепьяно — теориялык, вокалдык-оркестрлик, маданий-агартуу иштери) жана сырттан окуу бөлүмү болсо, 1993-жылы социалдык-маданий ишкердүүлүк, хор жана оркестрди дирижёрлоо, театр жана кино факультеттерине 12 багыттагы 24 кесиптик адистерди [хор коллективинин, социалдык-маданий тейлөөнүн, эл аспаптар, эстрада оркестрлеринин, фольклор ансамблинин, хореографиялык коллективдин менеджерлерин, актёрдук искусство, хореография режиссёру, үн режиссёру, адабий чыгармачылык (киносценарий), театр таануу, кино таануу, музыкалык билим берүү, экономика жана башкаруу] даярдай баштаган. 1992-жылдан эстрада оркестрлеринин, ансамблдердин жетекчилерин, актёрлорду, режиссёрлорду, педагогхореографтарды даярдайт. 1996-жылы «Музыка жана ырдоо» кафедрасы ачылып, анда жалпыга билим берүүчү мектептердин музыка мугалими даярдалат. Ректорлору: Т. Мусулманкулов, Н. Давлесов, К. Сартбаева, К. Молдобасанов, А. Асакеев, 2000-жылдан С. Субаналиев.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]