Дон Кихот

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
El ingenioso hidalgo don Quijote de la Mancha.jpg

"Дон Кихот" (англ. Don Quixote) (толук аталышы: Ак сөөк айлакер ламанчалык мырза Кихот, испанча: El ingenioso hidalgo don Quixote de la Mancha) — Мигел де Сервантес Сааведранын испанча романы. Эки томдук болуп 1605 жана 1615-жылдары жарык көргөн "Дон Кихот" испан алтын доорундагы жана жалпы эле испан адабиятындагы эң таасирлүү эмгек деп эсептелет. Азыркы Батыш адабиятынын түптөөчүсү катары жана байыркы абройлуу романдардын бири болгон китеп улуу көркөм чыгармалар тизмесинин баш сабынан орун алып келет. Мисалы, Дүйнөлүк китепкананын коллекциясында "Дон Кихот" ушул убакка чейин жарык көргөн китептердин ичинен эң мыкты адабий чыгарма делет.

Китеп мырза Алонсо Кихано аттуу кишинин саякатына окурмандарды жетелейт. Ал рыцарлар тууралуу көптөгөн китептерди окугандан кийин акылдан адашып, рыцар болуп алып, туура эмес көрүнүштөрдү оңдоп, ламанчалык Дон Кихот ысымы менен дүйнөгө адилеттикти алып келүүнү чечет. Ал жөнөкөй эле бир дыйкан Санчо Пансаны өзүнүн жардамчысы кылып жалдап алат. Санчо болсо өзүнүн дыйканчылыкка байланышкан даанышмандыгын Дон Кихоттун эскирген рыцардык жөнүндөгү риторикалык кептерине пайдаланат. Китептин биринчи бөлүмүндө Дон Кихот дүйнөнү болгонун болгондой көрбөй, рыцардык тууралуу өзү окугандары боюнча көрүүнү каалайт. Романдын башынан аягына чейин Сервантес реализм, метатеатр жана тексттердин ортосундагы байланыш сыяктуу адабий ыкмаларды колдонот. Китеп адабий коомчулукка чоң таасирин тийгизген. Анын тийгизген таасирлерин Александр Дюманын "Үч мушкетер" (1844), Марк Твендин "Хеклберри Финндин окуялары" (1884) жана Эдмонд Ростанддын "Сирано де Бержерак" (1897) сыяктуу эмгектеринен көрүүгө болот. Ошондой эле "кихоттук" деген сөз жана "Лотарио" эпитети колдонулуп калган. "Лотарио" сөзү Эл Куриосо Импертиненте аттуу каарманды сүрөттөш үчүн "Дон Кихот" чыгармасынын 1-бөлүмүнүн 4-китебинин 33-351-баптарында жазылган. Артур Шопенхауер "Дон Кихотту" эң улуу төрт романдын бири деп атаган, калган үчөөсү "Тристрам Шенди", "Жаңы Элиоза" жана "Вилгелм Мейстер" болуп эсептелет.

Сюжети[оңдоо | булагын оңдоо]

Каармандары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]