Мигель де Сервантес

Википедия дан
Мигель де Сервантес.

Мигель де Сервантес Сааведра (исп. Miguel de Cervantes Saavedra; (болжолдуу түрдө) 1547-жыл 29-сентябрь — 1616-жыл 22-апрель) — испаниялык жазуучу. Ал испан тилинде жазган улуу жазуучу жана дүйнөнүн атактуу роман жазуучуларынын бири болуп саналат.

Анын негизги чыгармасы болгон "Дон Кихот" (англ. Don Quixote) алгачкы заманбап роман, Батыш адабиятынын классикасы деп эсептелет жана ушул күнгө чейин жазылган эң мыкты көркөм чыгармалардын арасынан орун алган. Анын испан тилине тийгизген таасири аябай зор болгондуктан бул тил көп учурда la lengua de Cervantes ("Сервантестин тили") деп айтылат. Ошондой эле ал El príncipe de los ingenios ("Акыл-эс канзаадасы") деп да айтылат.

1569-жылы Кастилиядан аргасыз сүргүнгө айдалганда Сервантес Римге көчүп барып, ал жерде кардиналдын жардамчысы болуп иштеген. Андан кийин ал испан жөө аскер бөлүмүндө кошулуп, каракчылар тарабынан 1575-жылы колго түшкөнгө чейин аскердик жашоону уланткан. Туткунда беш жыл өткөргөндөн кийин ага ата-энеси жана Католик диний ордени болгон Тринитарийлер тарабынан кун төлөнүп берилип, Мадриддеги үй-бүлөсүнө кайтып барган.

1585-жылы Сервантес "Галатея" (исп. La Galatea) аттуу элет романын жарыкка чыгарган. Ал Испан армадасында сатып алуу агенти болуп иштеп, кийинчерээк мамлекеттик салык жыйноочу болуп эмгектенген. 1597-жылы мурунку үч жыл аралыгындагы эсептериндеги айырмачылыктар аны Севилядагы падыша түрмөсүнө камалышына алып барган.

1605-жылы Сервантес Валядолидде болгон. Анда Мадридде басылып чыгарылган "Дон Кихоттун" биринчи бөлүгүнүн токтоосуз ийгилиги анын адабий дүйнөгө кайтып келишине белги берген. 1607-жылы ал Мадридде отурукташып, ал жерде өмүрүнүн акырына чейин жашап иштеген. Өмүрүнүн акыркы тогуз жылында Сервантес 1613-жылы "Novelas ejemplares" (Үлгүлүү романдар), 1614-жылы "Viaje al Parnaso" (Парнасска сапар) жана 1615-жылы "Ocho comedias y ocho entremeses" (Сегиз комедия жана сегиз интермедия) менен "Дон Кихоттун" экинчи бөлүгүн жазып чыгарып, өзүнүн жазуучу катары беделин бекемдеген. "Los trabajos de Persiles y Sigismunda" (Персилес менен Сихизмунданын иштери) аттуу акыркы эмгеги Сервантес дүйнө салгандан кийин 1617-жылы басылып чыгарылган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]