Рейнгольд Глиэр

Википедия дан
Р. Глиэр‎»‎ барагынан багытталды)

Глиэр Рейнгольд Морицевич - [30. 12. 1874 (11. 1. 1875), Киев – 23. 6. 1956, Москва] – композитор, дирижёр, коомдук ишмер, СССР эл артисти (1938), Азербайжан ССР (1934), РСФСР (1935), Өзбек ССР (1937) эл артисти, искусство таануу илимдеринин доктору (1941). Москва консерваториясын бүтүргөн (1900). 1920-41-ж. Москва консерваториясынын (композиция классы боюнча) профессор. Орус классикалык музыкасынын реалисттик салттарын (П. И. Чайковский, С. В. Рахманинов ж. б.) уланткан. Глиэрдин музыкасы жанрдык жактан көп түрдүү. Эмоциялуу, турмушту ачык айкын баяндаган «Кызыл гүл» туңгуч балетин (1927, Чоң театр, Москва) жана «Жез атчан» (1949) аттуу балетти жазган. Глиэрдин 5 опера, бир нече камералык жана аспаптык, симфониялык ж. б. чыгармалары бар. СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1946, 1948, 1950) лауреаты. Үч Ленин ж. б. ордендер жана медалдар менен сыйланган. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында анын «Кызыл гүл» балети коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]