Балет

Википедия дан
Балет.

Балет - (фр. ballet, итал. balletto) ыргактуу кыймыл-аракет жана бий каражаттары аркылуу айтылуучу ойду, чыгарманын мазмунун угуучу-көрүүчүлөргө жеткире алган сахна өнөрү. Жалпы драматургиялык пландын (сценарийдин) негизинде балет музыканы, хореографияны (бий, пантомима), сүрөт өнөрүн (декорация, костюмдар, жарык берүү ж. б.) өзүнө камтыйт. Азыркы европ. Б. Кайра жаралуу доорунда пайда болгон. Туңгуч балет спектакли Италияда 15-16-кылымда, Францияда 16- кылымдын 2-жарымында (Б. Бальтазаринин «Королеванын комедия балети», 1581) жаралган. 18-кылымда Англияда, Австрияда, кийиичерээк Францияда өзалдынча сахна өнөрү катары толук калыптанган жана таанылган. Россияда 1730-жылдан сахнада балет оюндары үзгүлтүксүз коюла баштайт. Франция менен Россиядагы балет өнөрүнүн табылгалары романтикалуу балеттин жаралышын шарттайт. Бара-бара бийдин жаңы түрлөрү, аялдардын аяк учу менен бийлеши пайда болот. Ушул багыттагы балеттик спектаклдердин бири Адандын «Жизель» балети (1841). Балет 19-20-кылымында алдыңкы өлкөлөрдө улуттук маданияттын өнүккөн түрүнө айланат. Композитор-симфониячылардын балет өнөрүнө кайрылуусу маанилүү көрүнүш болгон, мисалы, П. И. Чайковскийдин «Уйкудагы сулуу» (1890), «Щелкунчик» (1892; Л. Иванов менен бирге), А. Глазуновдун «Раймонда» (1898) балеттеринде музыкадагы ойлор менен сезимдер бий аркылуу туюнтулган. Б. Асафьевдин («Париж жалыны», «Бахчисарай фонтаны»), Р. М. Глиэрдин («Кызыл гүл»),А. И. Хачатуряидын («Гаянэ», «Спартак»), С. С. Прокофьевдин («Ромео жана Жульетта»), А. Крейндин («Лауренсия»), К. Караевдин («Жети сулуу») чыгармалары балет өнөрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошту. Кыргызда балет өнөрү классикалык бийди өздөштүрүүнүн, эл турмушун жана үрп-адатын үйрөнүүнүн негизинде келип чыккан. Кыргыздын туңгуч бийлери 1937-ж. «Алтын кыз» музыкалык драмасында жана «Айчүрөк» операсында (1939; балетмейстер Н. С. Холфин) колдонулган. «Анар» балети (1940) кыргыздын улуттук балет өнөрүнүн саамалыгы. Кыргыз балетинин өсүшүнө бийчилер Б. Бейшеналиева, Р. Чокоева, Ч. Базарбаев, А. Токомбаева ж. б. зор салым кошкон. Бий мугалимдерин жана балетмейстерлерди Москвадагы А. Луначарский атындагы мамлекеттик театр институту, Ленинграддагы Н. Римский-Корсаков атындагы консерватория, Кыргызстанда Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореография окуу жайы даярдайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4