Бий

Wikipedia дан

Бий — уруу башчысынын мансап наамы же даражасы. Уруулук мамилелер үстөмдүк мезгилинде бийдин орду бийик деңгээлде болгон. Анын бийлик жүргүзүүсү адатка негизделген. Бий үй бүлөлүк, чарбалык иштерден согуштук-саясий иштерге чейинки маселелерди чечкен. Ал мурас катары атадан балага өткөн. 19-кылымдын 1-жарымынан бий мансабы манаптарга, үрп-адаттарды жакшы билген барктуу аксакалдарга, эл арасында даңкы чыккан чечендерге өтө баштайт. Бийлер чоң манаптарга баш ийип, алардын таламдарын жакташкан. Алар мүлк талашы, үй бүлө маселеси, уурулук, киши өлтүрүү сыяктуу кылмыштарды карап, тийиштүү айыптарга кириптер кылышкан. Андан өзүлөрүнө тиешелүү «маянасын» алышкан. 1865-66-ж. Россия падышалыгы Түркстанда башкаруунун тартиби жөнүндө чыгарган жоболорго ылайык бийлер соту уюштурулат. Бийлер соту 3 жылдык мөөнөткө шайланып, кылмыш иштери боюнча бир жарым жылга чейин камак жазасын берүүгө же үч миң сомго чейин айып салууга укуктуу болгон. Бий мансабы айылдык бийге, болуштук бийге бөлүнгөн. Бийлердин атайын чакырылган курултайында кыргыз урууларынын, коңшулаш жашаган башка элдердин талаш-тартыштары каралган. Октябрь революциясынан кийин айрым жерлерде казы менен болуш соту убактылуу калтырылып, алар жөнүндө атайын жобо чыгарылган. Бий соту советтик сот органдарынын көзөмөлү астында иштеген. 1927-28-ж. казы жана бий соту жоюлган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | edit source]