Монета

Википедия дан
Щвейцариянын монетасы
Монеталар

Монета – белгилүү бир формада металлдан (алтын, күмүш, жез) жана башкалар. материалдан жасалган акча белгиси (тыйын). Ал жүгүртүү жана төлөө каражаты катары колдонулат. мененын өңү жана арткы бети, тегерек кыры болот. Бетине аты, чыгарылган жылы, тиешелүү шаардын, мамлекеттин наамы, оймо-чийме сүрөт түшүрүлөт. мененын алдынкы жагы аверс жана арткысы реверс деп аталат. Болжол менен биздин заманга чейинки 685-жылы Лидия мамлекетинде (Ардиз падышасы учурунда) алтын же күмүш М-лар пайда болгон. Анын бир бетине проба коюлуп, экинчисине ассирия арстанынын келбети түшүрүлгөн. Кийинчерээк акча-товар мамилелери менен сооданын өнүгүшүнө байланыштуу. Монета Грекия, Байыркы Рим, Индия, Кытай жана башка өлкөлөрдө кеңири тараган. Кыргызстанда алгачкы монета коллекциялык түрдө 100 сомдук номиналда алтын жана 10 сомдук номиналда күмүштөн жасалып, 1995-жылы 11-августта «Улуу Жибек жолу» эстелик коллекциялык монетасы (2011). Сүрөтчү-дизайнерлер: Сагымбаев М. К., Турумбеков К. Э. «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына арналып чыгарылган. Ошондой эле Ош шаарынын 3000 жылдыгына, Курманжан датканын 200 жылдык мааракесине, Улуу жибек жолу, Чыңгыз Айтматовдун элесине, анын чыгармаларына арналган жана башкалар. коллекциялык монеталар латун жана никелден жасалган. Коллекциялык монеталарда негизинен архитектуралык эстеликтер, Кыргызстандын жаратылыш дүйнөсү чагылдырылган. Ч. Айтматовдун чыгармаларына арналган жогорку чеберчиликтеги монеталар топтому Санкт-Петербург шаарында өткөрүлгөн эл аралык сынакта «БИБЛИО-ГЛОБУС» Соода үйүнүн ардак дипломуна (2010), «Улуу жибек жолу» монетасы Берлинде «Жылдын мыкты монетасы» сынагынын лауреаты (2013) болгон. менены иштеп чыгуу жана чыгаруу – КР улуттук банкынын негизги милдети.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]