Хан-Теңири
Хан-Теңири, Кантоо, Кантеңир — Теңир-Тоонун эң бийик чокусу. Теңир-Тоо системасындагы эң бийик чокулардын бири. Мамл. чегарадан 12 км аралыкта, Жеңиш чокусунан 18 км түн. тарапта. Бийиктиги 6995 м. Чоку пирамида сымал. Капталдары тик (түштүк боору 60°ка, түн. жагы 40—45°ка чейин). Төмөн жагы күңүрт акиташ тегинен, жогору жагы тунук мрамордон турат. Дээрлик кар-мөңгү менен капталган. Өтө тик капталдарында гана кар токтобой, тоо тектер ачылып жатат. Капталдарындагы мөңгүлөр Түштүк жана Түндүк Эңилчек мөңгүлөрүнө кошулат. Чоку жергиликтүү элге эчактан бери белгилүү болгон. Алыстан көрүнгөн кар- мөңгүлүү чокуну кыргыздар Кантоо, казактар Олуячоку деп аташкан. 1755, 1780-ж. Оренбургда түзүлгөн карталарда ал Кан-тоо («гора Хан») деп аталган. 1900-ж. Сарыжаз аймагын изилдеген венгр илимпозу Д. Алмаши Хантеңир чокусунун жергиликтүү аты Кантоо деп белгилеген. Адабияттарда ороним кан (кровь), кандай кызыл деген мааниден келип чыккан деген пикирлер айтылат. Чындыгында анын аты тоонун (чокунун) өтө бийиктигинен келип чыгып, «тоолордун каны (падышасы)» деген түшүнүктү туюндурары көп илимпоздор тарабынан (Мурзаев Э. М., Өмүрзаков С. Ө. ж. б.) далилдеген. Чокуга алгачкы жолу 1931-ж, 10-сентябрда М. Т. Погребецкий жетекчилик кылган украиналык альпинисттер чыккан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2