Орусия рубли
| Орусия рубли (кырг.) | |||||
|---|---|---|---|---|---|
| |||||
| Коддор жана белгилер | |||||
| ISO 4217 коддору | RUB (643) | ||||
| Символдор | RUB | ||||
| Жүгүртүү чегарасы | |||||
| Эмитент | |||||
| Расмий түрдө | |||||
| Туунду жана параллелдүү бирдиктер | |||||
| Бөлчөктүү | Копеек (1⁄100) | ||||
| Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар | |||||
| Монеталар | '1, 5, 10, 50 копеек '1, 2",5,10 руб | ||||
| Банкноттор | '5, 10, 50, 100, '500, 1000", 5000 рубль | ||||
| Тарыхы | |||||
| Киргизилди | 1992 жыл | ||||
| Мурда колдонулган валюта | ССРС рубль (SUR) | ||||
| Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү | |||||
| Эмиссиялык борбор | Орус Федерациясынын борбордук банкы | ||||
| www.cbr.ru | |||||
| Банкнота өңдүрүүчү | Гознак | ||||
| www.goznak.ru | |||||
| Курстар 10 Апрель 2015-жылга көрсөтүлгөн | |||||
| 1 USD | = 51,07 RUB | ||||
| 1 EUR | = 53,98 RUB | ||||
| 1 GBP | = 74,69 RUB | ||||
| 100 JPY | = 42,38 RUB | ||||
| 1 KGS | = 0,7967 RUB | ||||
| Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат. | |||||
Рубль, ошондой эле орус рубли, Орусия Федерациясынын рубли, ОФ рубли (орус. Российский рубль) — Орусия Федерациясынын акча бирдиги. Орусия Федерациясынын аймагында резиденттер үчүн башка валюталарды колдонуу, трансакциянын суммасынан төрттөн үчүнө чейин же толук суммасына чейин айып пул менен жазаланат[1][2].
Орусия рублинин тамгалык коду ISO 4217 стандарты боюнча — RUB, сандык коду — 643. 1998-жылдагы акча реформасына чейин RUR (810) коду колдонулган[3]. Бул сандык код (810) ISO 4217 стандартынан жана Орусиянын валюталардын жалпы классификаторунан чыгарылган, бирок банк эсептерин номерлөөдө колдонулуу улантууда[4].
Расмий символу — ₽ — 2013-жылдын 11-декабрында бекитилген[5]. Жаңы символ тексттерде жана акча белгилеринде кыскартылган түрдө жана котировкаларды жарыялоо учурунда да колдонулат[6].
2025-жылы колдонууда төмөнкү монеталар жана банкноттор бар: регулярдуу монеталара — 1, 5, 10, 50 копейка, 1, 2, 5 жана 10 рубль; баалуу эмес металлдардан жасалган эстелик тыйындар — 1, 2, 5, 10, 25 жана 50 рубль; банкноттор — 5, 10, 50, 100, 200, 500, 1000, 2000 жана 5000 рубль[7].
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Рубль сөзүнүн акча бирдиги катары документтерде биринчи жолу колдонуусу 1281—1299-жылдарга таандык[8][9]. Учурдагы орусия рубли 1991-жылдын декабрында советтик рубль менен параллелдүү акча бирдик катары пайда болгон, ал эми советтик рубль 1993-жылдын сентябрына чейин расмий валюта катары колдонулган. 1961—1991-жылдары чыгарылган бардык советтик монеталар, ошондой эле 1961-жылга чейин чыгарылган 1, 2 жана 3 копейка монеталары расмий түрдө 1998-жылдын 31-декабрына чейин мыйзамдуу төлөм каражаты катары колдонулган. 1999—2002-жылдары советтик монеталарды орусия рублине 1000:1 катнашында алмаштырууга мүмкүнчүлүк берилген[10].
2008-жылы Грузиядагы согуштан кийин Россия Абхазия жана Түштүк Осетия республикаларынын көз карандысыздыгын тааныган соң, аталган республикалардын бийликтери менен достук келишимдер түзүлүп, бул республикалардын аймагында төлөм каражаты катары орусия рубли колдонулганына байланыштуу, Орусия Федерациясы республикалардын каржы жана банкт системасын колдоо жана иштешин камсыз кылууга эффективдүү чараларды көрөрүн белгиленген[11][12].
2014-жылы Крымдын аннексиясынан кийин орусия рубли жарым аралдын аймагында акча бирдиги катары колдонула баштаган[13]. Донбасстагы согуштун башталышан кийин орусия рубли Донецк жана Луганск Эл Республикаларында да де-факто акча бирдиги катары колдонула баштаган. Аталган, таанылбаган республикалардын бийликтери орусия рублин расмий акча бирдик деп жарыялашкан жана 2022-жылы Орусия бул республикалардын көз карандысыздыгын тааныгандан кийин жана аларды аннексиялаганга чейин Орусия менен каржы системасын колдоо боюнча келишимдерди түзүшкөн[14].
Bloomberg агенттигинин маалыматы боюнча, 2013-жылдын майынан 2014-жылдын майына чейин SWIFT системасында банктардын арасындагы акча алмашууда орусия рублинин үлүшү 0,35 % түзгөн (бир жыл мурун 0,62 % болгон). Ошол эле мезгилде АКШ долларунун үлүшү — 42%, евро — 32%, юань — 1,47%. Жалпысынан, банктар аралык акча алмашууда орусия рубли дүйнөдөгү бардык валюталардын ичинен 18-орунду ээлеген[15].
2022-жылдын 1-майынан тартып орусия рубли украина гривнясы менен биргеликте Херсон облусунда колдонулса[16][17], 25-майдан тартып Запорожье облусунда да колдонуулуп баштаган[18].
Эл аралык макамы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Орусия рублинин интернационалдашуусуна өбөлгө түзгөн факторлор бар (мисалы, экономиканын көлөмү жана экспорттун масштабы), бирок аны чектеген жагдайлар да бар (мисалы, чийки затка болгон көз карандылык жана санкциялардын таасири). Рубль резервдик валюта катары сапаты жактан окшош башка валюталар менен, мисалы, кытай юаны менен атаандаша алат. Рублдин эл аралык эсептешүүлөрдөгү үлүшүн көбөйтүү үчүн туруктуу экономикалык өсүшкө жана экономикасын диверсификациялоого багытталган саясат жүргүзүү, экономикалык саясаттын сапатын жогорулатуу жана каржы рынокторун өнүктүрүү зарыл[19].
Британдык The Economist редакциясынын пикири боюнча, рублди дүйнөлүк резервдик валюта катары колдонуу идеясы күлкү жаратат[20]. Bank of America маалыматы боюнча, 2025-жылы орусия рубли 40% өсүш көрсөтүп, дүйнөдөгү эң динамикалуу валюта болуп калган[21].
Банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| 1995-жылдагы серия | ||||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Мүнөздөмө | Түшүндүрмө | Дата | |||||||
| Алдыңкы бет | Арткы бет | Номинал
(рубль) |
Размеры
(мм) |
Өлчөм | Шаар | Алдыңкы бет | Арткы бет | Суу белгиси | киргизилген | чыгарылган |
| 1000 | 137 × 61 | күрөң | Владивосток | Владивостоктогу Золотой Рог булуңунда деңиз порту; ростралдык мамыча, үстүндө «Манжур» парустуу кемеси | Рудная булуңу жана Два Брата аскасы | «1000»; ростралдык мамыча жана парусту кеме | 29-сентябрь 1995 | 1-январь 1999 — 31-декабрь 2002 | ||
| 5000 | кочкул жашыл | Великий НовШаар | София соборунун фонундагы «Тысячелетие России» эстелиги | Новгород кремлинин чеп дубалы | «5000»; | 31-октябрь 1995 | ||||
| 10 000 | 150 × 65 | зайтун түстүү жашыл | Красноярск | Енисей аркылуу өткөн коммуналдык көпүрө; Параскева Пятница кичинекей чиркөөсү | Красноярск ГЭСи | «10000»; Параскева Пятница кичинекей чиркөөсү | 29-июль 1995 | |||
| 50 000 | көгүлтүр | Санкт-Петербург | ростралдык мамычанын түбүндөгү скульптура; Петропавловск чеби | ростралдык мамыча;
Биржа имараты |
«50000»; Петропавлов собору | |||||
| 100 000 | кызыл күрөң | Москва | Большой театрындагы квадрига | Большой театрынын фасады | «100000»; Большой театры | 30-май 1995 | ||||
| 500 000 | кызгылт көк | Архангельск | Петр I эстелиги; Архангельск портундагы парус кемеси | Соловецк монастыры | «500000»; | 17-март 1997 | ||||
| Сүрөттөрдүн масштабы — миллиметрине 1,0 пиксел. | ||||||||||
| 1997-жылдагы серия[22] | |||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Мүнөздөмө | Түшүндүрмө | Киргизилген датасы | ||||||
| Алдыңкы бет | Арткы бет | Номинал
(рубль) |
Размеры
(мм) |
Өлчөм | Шаар | Алдыңкы бет | Арткы бет | Суу белгиси | |
| 5 | 137 × 61 | жашыл | Великий Новгород | София соборунун фонундагы «Тысячелетие России» эстелиги | Новгород кремлинин чеп дубалы | «5»
София собору |
1-январь 1998-ж.[23]
25-июль 2022—2025-ж.[24] | ||
| 10 | 150 × 65 | кочкул жашыл жана
кочкул күрөң |
Красноярск | Енисей аркылуу өткөн коммуналдык көпүрө; Параскева Пятница кичинекей чиркөөсү | Красноярск ГЭСи | «10»
Параскева Пятница кичинекей чиркөөсү |
1-январь 1998-ж.[25] | ||
| 1-январь 2001-ж.[26] | |||||||||
| 16-август 2004-ж.[27]
25-июль 2022—2025-ж.[24] | |||||||||
| 50 | 150 × 65 | көгүлтүр | Санкт-Петербург | ростралдык мамычанын түбүндөгү скульптура; Петропавловск чеби | ростралдык мамыча;
Биржа имараты |
«50»
Петропавловск собору |
1-январь 1998-ж.[28] | ||
| 1-январь 2001-ж.[29] | |||||||||
| 16-август 2004-ж.[30] | |||||||||
| 100 | 150 × 65 | коричнево-жашыл | Москва | Большой театрындагы квадрига | Большой театрынын фасады | «100»
Большой театры |
1-январь 1998-ж.[31] | ||
| 1-январь 2001-ж.[32] | |||||||||
| 16-август 2004-ж.[33] | |||||||||
| 500 | 150 × 65 | фиолетово-көк | Архангельск | Петр I эстелиги; Архангельск портундагы парус кемеси | Соловецк монастыры | «500»
Петра I портрети |
1-январь 1998-ж.[34] | ||
| 1-январь 2001-ж.[35] | |||||||||
| 16-август 2004-ж.[36] | |||||||||
| 6-сентябрь 2011-ж.[37] | |||||||||
| 1000 | 157 × 69 | көк
жашыл |
Ярославль | Ярослав Мудруйдын эстелиги жана Спасс монастрынын фонундагы Казанская Богоматери кичинекей чиркөөсү | Иоанна Предтечи чиркөөсү | «1000»
Ярослав Мудруйдын портрети |
1-январь 2001-ж.[38] | ||
| 16-август 2004-ж.[39] | |||||||||
| 10-август 2010-ж.[40] | |||||||||
| 5000 | 157 × 69 | кызыл күрөң | Хабаровск | Амурдун фонундагы Муравьёв-Амурскийдин эстелиги | Амур аркылуу өткөн көпүрө | «5000»
Муравьёв-Амурскийдин портрети |
31-июль 2006-ж.[41] | ||
| 6-сентябрь 2011-ж.[42] | |||||||||
| Сүрөттөрдүн масштабы — миллиметрине 1,0 пиксел. | |||||||||
| 2017—2025-жылдардагы серия[22] | |||||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Мүнөздөмө | Түшүндүрмө | Даты | ||||||||
| Алдыңкы бет | Арткы бет | Номинал
(рубль) |
Размеры
(мм) |
Өлчөм | Шаар (Алдыңкы бет) | Федералдык округ | Алдыңкы бет | Арткы бет | Суу белгиси | киргизилген | Печати |
| 10 | 150×65 | Новосибирск | Сибирь | 2028 | 2028 | ||||||
| 50 | Санкт-Петербург | Түндүк-Батыш | 2028 | 2028 | |||||||
| 100 | зайтун түстүү жашыл
оранжевый |
Москва | Борбордук | Кремлдин Спасск мунарасы;
Воробьевы горыдагы ММУ имараты; Зарядье паркы; Шухов телемунарасы; Останкино телемунарасы |
Ржев мемориалы, Куликов талаасы | «100»
Кремлдин Спасск мунарасы |
30-июнь 2022 | 2022 | |||
| 200 | жашыл | Севастополь | Түштүк | Чөккөн кемелердин урматына орнотулган эстелик; Граф пристанынын пропилейлери | Херсонес Таврический | «200»
Чөккөн кемелердин урматына орнотулган эстелик |
12-октябрь 2017 | 2017 | |||
| 500 | Пятигорск | Түндүк Кавказ | 2028 | 2028 | |||||||
| 1000 | 157×69 | бирюза түстүү | Нижний Новгород | Волга | Нижний Новгород кремлинин Николь мунарасы, Нижний Новгород жарменкеси, «Нижний Новгород» стадиону | Сюймбике мунарасы жана татар элинин жана Татарстан Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы музейи, Волга, Уфадагы археология жана этнография музейи | «1000», Нижний Новгород кремлинин Николь мунарасы | Чыгаруу жокко чыгарылды[43][44][45] | 2023 | ||
| көк
сары |
Нижний Новгород жарменкеси, Мамлекеттик банктын имараты | «Метеор» теплоходы, Нижний Новгород кремли | «1000» | 2025 экинчи жарымы | 2025 | ||||||
| 2000 | көк | Владивосток | Ыраакы Чыгыш | Русский мост көпүрөсү; Владивостоктогу Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин имараты | Амур облусундагы «Восточный» космодрому | «2000»
Русский мост көпүрөсү |
12-октябрь 2017 | 2017 | |||
| 5000 | кызыл | Екатеринбург | Урал | Екатеринбургдагы «Европа-Азия» стеласы, Екатеринбург-Сити, Севастьянов үйү, Байланыш үйү, Спорттун оюн түрлөрүнүн сарайы, Исеть мейманканасы, Екатеринбург цирки, Высоцкий көп кабаттуу үйү | Челябинсктеги «Сказ об Урале» эстелиги, Салехарддагы «66 параллель» стеласы, металлургиялык заводдогу куюу сузгусу, мунай секиси | «5000»
Байланыш үйү |
16-октябрь 2023 | 2023 | |||
| Сүрөттөрдүн масштабы — миллиметрине 1,0 пиксел. | |||||||||||
Эстелик банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Орусиянын эстелик банкноттору | |||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Мүнөздөмө | Түшүндүрмө | Колдонуудан чыгарылган күн | ||||
| Алдыңкы бет | Арткы бет | Номинал
(рубль) |
Өлчөм
(мм) |
Түс | Алдыңкы бет | Арткы бет | |
| 100 | 150 × 65 | көк | Сноубордчу, Сочи шаарындагы жээк кластерине кирген олимпиадалык объекттер | Сочи шаарындагы «Фишт» олимпиадалык стадиону, зымырык куш | 30-октябрь 2013-жыл[46] | ||
| зайтун түстүү жашыл, күрөң | Севастополь булуңундагы чөккөн кемелердин урматына орнотулган эстелик, Айвазовский И. К. «Севастополь рейдиндеги орус эскадрасы» аттуу сүрөтү | «Ласточкино гнездо» декоративдүү чеби | 23-декабрь 2015-жыл[47] | ||||
| көк, жашыл, боз | Колуна футбол тобун кармагана бала, топко секирип жаткан дарбазачы Лев Яшин | Футбол тобу түрүндө берилген жер шарынын стилизацияланган сүрөтү, анда Россия Федерациясынын аймагы түстөр менен белгиленген, футбол күйөрмандары. | 22-май 2018-жыл[48] | ||||
| Сүрөттөрдүн масштабы — миллиметрине 1,0 пиксел. | |||||||
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ КоАП РФ Статья 15.25. Нарушение валютного законодательства Российской Федерации и актов органов валютного регулирования
- ↑ Федеральный закон от 10.12.2003 N 173-ФЗ
- ↑ Изменение 6/2003 ОКВ | Страница 1 | Национальные стандарты
- ↑ Указание Банка России от 16.12.2002 N 1222-У "О порядке нумерации лицевых счетов, открываемых на балансовых счетах N 40403 "Федеральный фонд обязательного медицинского страхования" и N 40404 "Территориальные фонды обязательного медицинского страхования"
- ↑ Банк России. Об утверждении графического обозначения рубля (символ рубля)
- ↑ Ведомости. ЦБ выбрал графический символ рубля
- ↑ Банк России. Наличное денежное обращение
- ↑ Вячеслав Бирюков, Виктор Белоусов, Валентин Каширин, Анатолий Нестеров. Российские денежные реформы
- ↑ Большая российская энциклопедия. Рубль
- ↑ ЦЕНТРАЛЬНЫЙ БАНК РОССИЙСКОЙ ФЕДЕРАЦИИ. 15 декабря 1998 г. N 63-П. ПОЛОЖЕНИЕ О ПОРЯДКЕ ОБМЕНА ДЕНЕЖНОЙ НАЛИЧНОСТИ ФИЗИЧЕСКИМ ЛИЦАМ В СООТВЕТСТВИИ С УКАЗОМ ПРЕЗИДЕНТА РОССИЙСКОЙ ФЕДЕРАЦИИ ОТ 4 АВГУСТА 1997 ГОДА N 822 "ОБ ИЗМЕНЕНИИ НАРИЦАТЕЛЬНОЙ СТОИМОСТИ РОССИЙСКИХ ДЕНЕЖНЫХ ЗНАКОВ И МАСШТАБА ЦЕН"
- ↑ Президент РФ. Договор о дружбе, сотрудничестве и взаимной помощи между Российской Федерацией и Республикой Абхазия
- ↑ Президент РФ. Договор о дружбе, сотрудничестве и взаимной помощи между Российской Федерацией и Республикой Южная Осетия
- ↑ Взгляд. Рубль стал единственной официальной валютой в Крыму и Севастополе
- ↑ Российская газета. Госдума ратифицировала договоры с ДНР и ЛНР о дружбе и сотрудничестве
- ↑ Bloomberg. Putin’s Land Grab Undermines Global Ambition for Ruble
- ↑ Bisiness Insider. The Kremlin orders a Russian-occupied city in Ukraine to start using rubles, state media says
- ↑ The Times. Russians use rouble as a weapon in Kherson
- ↑ Meduza. «Новые власти» Запорожской области заявили о введении рубля и стремлении войти в состав РФ. Об этом же говорили в Херсонской области
- ↑ Forbes. Денежная сила. Когда рубль станет мировой резервной валютой
- ↑ The Economist. Hell is other people’s currencies
- ↑ BBC. Russia's economy is down but not out
- 1 2 Банк России: Банкноты.
- ↑ Банкноты | Банк России.
- 1 2 В ЦБ сообщили о вхождении в оборот банкнот в 5 и 10 рублей (орусча).
- ↑ Банкноты | Банк России.
- ↑ Банкноты | Банк России.
- ↑ Банкноты | Банк России.
- ↑ Банкноты | Банк России.
- ↑ Банкноты | Банк России.
- ↑ Банкноты | Банк России.
- ↑ Банкноты | Банк России.
- ↑ Банкноты | Банк России.
- ↑ Банкноты | Банк России.
- ↑ Банкноты | Банк России.
- ↑ Банкноты | Банк России.
- ↑ Банкноты | Банк России.
- ↑ Банкноты | Банк России.
- ↑ Банкноты | Банк России.
- ↑ Банкноты | Банк России.
- ↑ Банкноты | Банк России.
- ↑ Банкноты | Банк России.
- ↑ Банкноты | Банк России.
- ↑ Банк России доработает дизайн обновленной банкноты в 1000 рублей.
- ↑ В России остановили выпуск скандальной купюры в 1000 рублей. Как православные активисты добились этого?.
- ↑ ЦБ остановил выпуск новой купюры ₽1000 с куполом церкви без креста.
- ↑ Памятная банкнота Банка России образца 2014 года номиналом 100 рублей | Банк России.
- ↑ Памятная банкнота Банка России образца 2015 года номиналом 100 рублей | Банк России.
- ↑ Памятная банкнота Банка России образца 2018 года номиналом 100 рублей | Банк России.
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөрдүн акча бирдиги | |
|---|---|
| Жүгүртүүдө | Армения драмы · Азербайжан манаты · Белоруссиялык рубль · Грузия лариси · Евро (Эстония, Латвия, Литва) · Казак теңгеси · Кыргыз сому · Молдован лей · Орусия рубли · Тажикистан сомони · Түркмөн манат · Украина гривнясы · Өзбек суму |
| Жүгүртүүдөн чыккан | Грузиялык купон лари · Латвиялык лат · Латвиялык рубль · Литовтык талон · Литовтык лит · Молдован купон · Советтик рубль · Тажик рубль · Украина карбованец · Эстониялык крону |