Мазмунга өтүү

Түрк лирасы

Википедия — ачык энциклопедия
Түрк лирасы  (кырг.)

Turkish Lira  (аңгл.)
Livre turque  (фр.)

Коддор жана белгилер
ISO 4217 коддору TRY (949)
Символдор
Аббревиатуралар TRY
Жүгүртүү чегарасы
Эмитент  Түркия
 Түндүк Кипр
Туунду жана параллелдүү бирдиктер
Бөлчөктүү куруш (1100)
пара (14 000[1])
Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар
Монеталар 1, 5, 10, 25, 50 куруш; 1 лира
Банкноттор 5, 10, 20, 50, 100, 200 лира
Тарыхы
Киргизүү этабы 29.10.1923—1927
Мурда колдонулган валюта Осмон лирасы
Хроника Эски түрк лирасы (TRL • —31.12.2005)
Жаңы түрк лирасы (TRY • 01.01.2005 →)
Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү
Эмиссиялык борбор Түркия Республикасынын Борбордук банкы
www.tcmb.gov.tr
Акча сарайы Түрк мамлекеттик акча сарайы
www.darphane.gov.tr
Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат.
2026-жылдык инфляция
Инфляция 31,53%[2]
Түрк лирасы Уикиказынада

Түрк лирасы (түрк. Türk lirası) — Түркиянын жана Түндүк Кипрдин расмий акча бирдиги[3]. ISO 4217 стандарты боюнча тамга коду — TRY, сандык коду — 949. Расмий белгиси — ₺, эмитенти — Түркия Республикасынын Борбордук банкы. Бир түрк лирасы 100 куруштан турат.

Түрк лирасы (1923—2004)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түр лирасынын мурунку валютасы Осмон лирасы болгон. Ал башында алтын монета түрүндө чыгарылып, бирок Осмон империясы жоюлган учурга карата баалуулугу аз кагаз акча (банкнот) түрүндө гана калган. Осмон империясынын банкноттору менен монеталары республиканын жаңы акчалары менен катар 1927-жылга чейин жүгүртүүдө чогуу колдонулуп келген.

Түркия Республикасынын акча бирдиги катары Түркия лирасы 1923-жылы киргизилип, эски Осмон лирасына теңелген, бирок жаңы монеталар менен банкнотторго республиканын символдору түшүрүлгөн.

1922–1923-жылдары алюминий жана колодон жасалган 100 пара, 5 жана 10 куруш, ошондой эле никелден жасалган 25 куруштан турган жаңы монеталар жүгүртүүгө кирген. Алар акыркы жолу 1928-жылы чыгарылып, араб ариби менен жазылган акыркы түрк монеталары болуп калган.

1934-жылы 1 лиралык күмүш монеталар жасалып, кийинки жылы жез жана никелдин эритмесинен жасалган 1, 5 жана 10 куруш, ошондой эле күмүштөн жасалган 25, 50 куруш жана 1 лиралык монеталар чыгарылган. Ал эми 1⁄4 куруш алюминий жана колодон жасалган 10 пара 1940-жылдан 1942-жылга чейинки аралыкта басылган.

Жезден (латунь) жасалган 1⁄2, 1, 2+1⁄2, 5, 10 жана 25 куруштук монеталар, ошондой эле күмүштөн жасалган 50 куруш жана 1 лира 1947–1949-жылдар аралыгында жүгүртүүгө киргизилген.

1958–1961-жылдары жаңы монеталар чыга баштаган: жезден жасалган 1 куруш (1964-жылдан тарта колодон), колодон жасалган 5 жана 10 куруш, дат баспаган болоттон жасалган 25 куруш, 1 жана 2+1⁄2 лира. 1971-жылы 50 куруштук, ал эми 1974-жылы кайрадан болоттон жасалган 5 лиралык номинал кошулган. 1975-жылы 1, 5 жана 10 куруштук монеталардагы колонун ордун алюминий алмаштырган. Бул монеталар 1977–1980-жылдарга чейин чыгарылып турган.

1981-жылы инфляция күчөгөн маалда алюминийден жасалган 1, 5 жана 10 лиралык монеталар киргизилип, 1983-жылы алардын дизайны өзгөртүлгөн. Кийин андан да чоң номиналдар чыга баштаган: 1984-жылы 20, 50 жана 100 лира, 1985-жылы 25 лира, 1988-жылы 500 лира, 1990-жылы 1000 лира, 1991-жылы 2500 лира, 1992-жылы 5000 лира, 1994-жылы 10 000 лира, 1995-жылы 25 000 лира, 1996-жылы 50 000 лира жана 1999-жылы 100 000 лира. 2002-жылы болсо 250 000 лиралык монета чыгарылган. Ошондой эле өлчөмү кичирээк монеталар да чыгарылган: 1989-жылы 50 жана 100 лира, 1995-жылы 1000 и 5000 лира, 2001-жылы 25 000, 50 000 жана 100 000 лира.

Куруш (50 куруш) номиналындагы акыркы монеталар жүгүртүүгө 1979-жылы чыгарылган (мындан тышкары, 1980 жана 1981-жылдары 50 куруш же 1⁄2 лира номиналындагы жүгүртүүдө колдонулбоочу эстелик монеталар да жасалган, ал эми Ататүрктүн урматына чыгарылган 100 жана 500 куруштук алтын инвестициялык монеталар 1942-жылдан баштап жыл сайын, атүгүл 2005-жылдагы акча реформасынан кийин да чыгарылып келет). Күмүш монеталар акыркы жолу жүгүртүүгө 1960-жылы (10 лира) чыгарылган, андан кийинки күмүш монеталар эстелик (юбилейлик) катары гана даярдалган.

Лира башында АКШ долларына байланган, бирок Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин анын долларга карата курсу бир нече жыл сайын кайра бааланып турган. Ал эми 1970-жылдардан баштап лиранын курсу тынымсыз төмөндөй баштаган:

  • 1966 — 1 АКШ доллары = 9 түрк лирасы
  • 1980 — 1 АКШ доллары = 80 түрк лирасы
  • 1985 — 1 АКШ доллары = 500 түрк лирасы
  • 1990 — 1 АКШ доллары = 2500 түрк лирасы
  • 1995 — 1 АКШ доллары = 43 000 түрк лирасы
  • 2000 — 1 АКШ доллары = 620 000 түрк лирасы
  • 2001 — 1 АКШ доллары = 1 250 000 түрк лирасы
  • 2004 — 1 АКШ доллары = 1 350 000 түрк лирасы

2000-жылдары түрк лирасы дүйнөдөгү эң кунсуз валюта катары бир нече жолу Гиннестин рекорддор китебине кирген.

Түркиянын Борбордук банкынын сайтында республикалык доордогу банкноттордун серияларынын кодификациясы көрсөтүлгөн виртуалдык музей иштейт. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жана 2005-жылдагы деноминацияга чейин чыгарылган банкноттор E5–E7 эмиссиялык топторуна, «жаңы түрк лирасы» (2005–2008) — E8 тобуна, ал эми заманбап сериясы — E9 тобуна кирет.

Жаңы түрк лирасы (2005–2008)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2005-жылдын 1-январынан 2008-жылдын 31-декабрына чейинки өткөөл мезгилде Түркиянын валютасы расмий түрдө «жаңы лира» деп аталган (1 жаңы лира = 1 000 000 эски лирага барабар болгон). 2005-жылы 1, 5, 10, 25, 50 жаңы куруш жана 1 жаңы лира номиналындагы монеталар жүгүртүүгө киргизилген. 1 жаңы куруш жезден (латунь), 5, 10 жана 25 жаңы куруш жез-никель эритмесинен, ал эми 50 жаңы куруш менен 1 жаңы лира биметалдан (ортосу — жез, сырты — жез-никель-цинк эритмеси) жасалган. Бардык монеталарда Ататүрктүн ар кандай портреттери түшүрүлгөн. Жүгүртүүдө 5, 10, 20, 50, 100 лиралык банкноттор колдонулган.

Түрк лирасы (2009-жылдын 1-январынан баштап)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2009-жылдын 1-январынан тарта Түркиянын валютасы кайрадан «түрк лирасы» деп атала баштады. Номиналдарында «жаңы» (yeni) деген сөзү жок монеталар менен банкноттордун жаңы сериясы жарык көрдү. Алар номиналы «жаңы лира (куруш)» деп жазылган мурунку чыгарылыштагы акчалар менен бирге катар жүгүртүлгөн.

Жаңы монеталар 1, 5, 10, 25, 50 куруш жана 1 лира номиналында чыгарылган. Мурунку сериялардан айырмаланып, бул монеталардын арткы бетинде Ататүрктүн бир типтүү портреттери жана мамлекеттин аталышы жайгаштырылган. Алдыңкы бетинде болсо номиналы, улуттук орнамент жана басылган жылы көрсөтүлгөн.

2023-жылы Түркия Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата 5 лиралык биметалдык монета чыгарылган. Анын алдыңкы бетинин сырткы шакекчеси Селжуктардын сегиз бурчтуу жылдызы менен кооздолуп, шакекче менен ортосу бириккен жогору жагында жарым ай менен жылдыздын сүрөтү жайгашкан. Ортосунда «Түркиянын жүз жылдыгы» эн белгиси, сол жагында «5» саны, төмөн жагында номиналы жазуу түрүндө жана басылган жылы орун алган. Арткы бетинин ортосунда Ататүрктүн аскердик кийимдеги жана папахчан рельефтүү сүрөтү, төмөн жагында «Түркиянын жүз жылдыгы» эн белгиси, ал эми сырткы шакекчесинде мамлекеттин аталышы жазылган. 2024-жылдан баштап 5 лиралык монета арткы бетинин төмөн жагындагы «Түркиянын жүз жылдыгы» эн белгиси жок чыгарыла баштаган (бул учурда борбордук бөлүгүн толтуруу үчүн Ататүрктүн портрети бир аз чоңойтулган).

2009-жылдан бери Түркиянын монеталары
Сүрөт Номинал Диаметр
(мм)
Калыңдыгы
(мм)
Салмагы
(г)
Материал Кыры Чыгарылган жылдары
Алдыңкы бети Арткы бети
1 куруш 16,5 1,35 2,2 70 % жез
30 % цинк
жылмакай 1-январь 2009
5 куруш 17,5 1,65 2,9 65 % жез
18 % никель
17 % цинк
жылмакай
10 куруш 18,5 1,65 3,15 65 % жез
18 % никель
17 % цинк
жылмакай
25 куруш 20,5 1,65 4 65 % жез
18 % никель
17 % цинк
кесикче
50 куруш 23,85 1,9 6,8 Шакекчеси:
65 % жез
18 % никель
17 % цинк

Ортосу:
79 % жез
4 % никель
17 % цинк
кесикче
1 лира 26,15 1,9 8,2 Шакекчеси:
79 % жез
4 % никель
17 % цинк

Ортосу:
65 % жез
18 % никель
17 % цинк
жылмакай жана жазуулар менен
5 лира 28,15 1,70 8,25 Шакекчеси:
64 % жез
4 % никель
32 % цинк

Ортосу:
64 % жез
9 % никель
27 % цинк
жылмакай 29-октябрь 2023
Сүрөттүн масштабы миллиметрге 3,0 пикселди түзөт.

Эстелик монеталар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи чыгарылыш (E1)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Биринчи чыгарылыш (E1) (булак)
Сүрөт Номинал

Өлчөмү

(мм)

Түсү Сүрөттөөмөсү Датасы
Алдыңкы бети Арткы бети Алдыңкы бети Арткы бети Жүгүртүүгө киргизилген Жүгүртүүдөн чыгарылган
1 166×90 саргыч жашыл Түркия парламентинин имараты, Анкара чеби, дыйкан сокосу менен Түркиянын премьер-министринин мурдагы резиденциясы 5-декабрь 1927 25-апрель 1939
5 170×94 кочкул көк Анкара чеби, боз карышкыр, Түркия парламентинин имараты Ак көпүрө 15-октябрь 1937
10 175×99 кызгылт көгүш Анкара чеби боз карышкыр 16-май 1938
50 185×108 күрөң, саргыч жашыл Мустафа Кемал Ататүрктүн портрети Афьонкарахисар 1-апрель 1938
100 189×112 саргыч жашыл Айылдын көрүнүшү 1-март 1938
500 194×120 күрөң, сары Көк медресе, портрет Сивас 15-июнь 1939
1 000 201 × 124 кочкул көк Мустафа Кемал Ататүрктүн портрети Сакариядагы темир жол

Экинчи чыгарылыш (E2)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Экинчи чыгарылыш (E2) (булак)
Сүрөт Номинал

Өлчөмү

(мм)

Түсү Сүрөттөөмөсү Датасы
Алдыңкы бети Арткы бети Алдыңкы бети Арткы бети Алдыңкы бети Арткы бети Жүгүртүүгө киргизилген Жүгүртүүдөн чыгарылган
0,5

(50 курушей)

125×55 сары, ачык жашыл жашыл, күрөң Исмет Инөнүнүн портрети Түркиянын Борбордук банкынын мурдагы башкы кеңсеси 26-июнь 1944 1-август 1947
1 135×60 кызгылт көк Босфор 25-апрель 1942
2.5 145×65 саргыч жашыл Мустафа Кемал Ататүрктүн портрети Эркиндик статуясы, Улус аянты (Анкара) 25-апрель 1939 15-июль 1952
5 155×70 көк жашыл Коопсуздук эстелиги 15-сентябрь 1937 10-ноябрь 1952
10 165×75 кызыл Анкара чеби 16-май 1938 2-июнь 1952
50 175×80 кызгылт көк Ангора эчкилери 1-апрель 1938
100 185×85 кочкул күрөң Дарданелл 1-март 1938 15-сентябрь 1942
500 195×90 саргыч жашыл Румельхисари 15-июнь 1939 24-апрель 1946
Исмет Инөнүнүн портрети 18-ноябрь 1940
1 000 205×95 боз көк Мустафа Кемал Ататүрктүн портрети Коопсуздук эстелиги 15-июнь 1939
Исмет Инөнүнүн портрети 18-ноябрь 1940

Үчүнчү чыгарылыш (E3)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Үчүнчү чыгарылыш (E3) (булак)
Сүрөт Номинал

Өлчөмү

(мм)

Түсү Сүрөттөөмөсү Датасы
Алдыңкы бети Арткы бети Алдыңкы бети Арткы бети Алдыңкы бети Арткы бети Жүгүртүүгө киргизилген Жүгүртүүдөн чыгарылган
2.5 145×65 кызгылт көк, күрөң Исмет Инөнүнүн портрети Халкевлери 27-март 1947 15-июль 1952
10 155×65 кызгыл сары, саргыч боз Улуттук кийимчен айылдык үч түрк айым 15-январь 1942 1-апрель 1950
50 175×80 кызгылт көк, жашыл кызгылт көк Ангора эчкилери 25-апрель 1942 1-декабрь 1951
көк, кызгылт 17-февраль 1947
100 175×75 күрөң Жүзүм кармап турган кыз 15-август 1942 25-апрель 1946
500 185×85 саргыч жашыл Анкарадагы техникалык окуу жайынын студенттери 24-апрель 1946 15-апрель 1953
1 000 195 × 95 көк чалгынчылар

Төртүнчү чыгарылыш (E4)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Төртүнчү чыгарылыш (E4) (булак)
Сүрөт Номинал

Өлчөмү

(мм)

Түсү Сүрөттөөмөсү Датасы
Алдыңкы бети Арткы бети Алдыңкы бети Арткы бети Жүгүртүүгө киргизилген Жүгүртүүдөн чыгарылган
10 165×75 кызыл Исмет Инөнүнүн портрети Ахмеда III оргумасы 17-февраль 1947 2-июнь 1952
ачык күрөң 15-сентябрь 1948
100 181×83 жашыл Румелихисари 18-июль 1947 10-октябрь 1952

Бешинчи чыгарылыш (E5)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Бешинчи чыгарылыш (E5) (булак)
Сүрөт Номинал

Өлчөмү

(мм)

Түсү Сүрөттөөмөсү Датасы
Алдыңкы бети Арткы бети Алдыңкы бети Арткы бети Алдыңкы бети Арткы бети Жүгүртүүгө киргизилген Жүгүртүүдөн чыгарылган
2,5 145×65 кызгылт көк кызгылт көк Мустафа Кемал Ататүрктүн портрети Түркиянын Борбордук банкынын мурдагы башкы кеңсеси 15-июль 1952 20-октябрь 1966
күрөң 3-январь 1955
ачык кызыл 1-июль 1957
ачык жашыл 15-февраль 1960
5 150×68 көк көк Фундук салынган себеттерди көтөрүп турган үч түрк аял 10-ноябрь 1952 8-январь 1968
жашыл 8-июнь 1959
көк 25-октябрь 1961
4-январь 1965
10 155×71 жашыл жашыл Месидиедеги көпүрө 2-июнь 1952 4-июль 1966
кочкул кызыл 26-октябрь 1953
күрөң 24-март 1958
жашыл 25-апрель 1960
кызыл 15-май 1961
жашыл 2-январь 1963
50 160×74 күрөң күрөң Улус аянтындагы Жеңиш айкели (Анкара) 1-декабрь 1951 7-май 1979
кызгыл сары 2-февраль 1953
кызгылт 15-октябрь 1956
боз жашыл 1-октябрь 1957
күрөң 15-февраль 1960
1-июнь 1964
2-август 1971
100 170×80 саргыч жашыл Генчлик паркы 10-октябрь 1952 12-апрель 1976
жашыл жашгылт көк 2-июль 1956
саргыч жашыл 4-август 1958
15-март 1962
1-октябрь 1964
ачык саргыч жашыл 17-март 1969
500 170×80 күрөң Султан Ахмеддин күмбөзү, Обеликс жана Стамбул ипподрому 15-апрель 1953 1-сентябрь 1976
кочкул боз 16-февраль 1959
күрөң 1-декабрь 1962
кызгылт көк 3-июнь 1968
1 000 Румелихисари 15-апрель 1953 7-май 1979

Алтынчы чыгарылыш (E6)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Алтынчы чыгарылыш (E6) (булак)
Сүрөт Номинал

Өлчөмү

(mm)

Түсү Сүрөттөөмөсү Датасы
Алдыңкы бети Арткы бети Алдыңкы бети Арткы бети Алдыңкы бети Арткы бети Жүгүртүүгө киргизилген Жүгүртүүдөн чыгарылган
5 135×60 кызгылт көк Мустафа Кемал Ататүрктүн портрети Манавгат шаркыратмасы 8-январь 1968 16-май 1983
20-сентябрь 1976
10 140×65 саргыч жашыл Мейдан мунарасы 4-июль 1966 21-сентябрь 1981
7-апрель 1975
20 143×66 ачык күрөң Аниткабир 15-июнь 1966 21-август 1987
24-июнь 1974
29-август 1979
30-май 1983
50 160×71 күрөң ачык күрөң Ереван күркөсүнүн тушундагы роза багындагы оргума 9-апрель 1976
ачык күрөң 4-апрель 1983
100 170×77 жашыл күрөң Арарат 15-май 1972 5-май 1986
24-сентябрь 1979
20-июнь 1983
500 170×80 саргыч жашыл, көк Стамбул университетинин башкы кире бериши 1-сентябрь 1971 15-июнь 1984
9-сентябрь 1974
1 000 170×82 кызгылт көк Босфор 29-май 1978 29-сентябрь 1986
17-декабрь 1979
10-июнь 1981

Жетинчи чыгарылыш (E7)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул серия банкнотторду чыгарууда коргоонун кыйла сапаттуу ыкмаларын камтыган. Бирок инфляцияга байланыштуу, кийинчерээк басылып чыккан 100 миңден 1 миллион лирага чейинки номиналдагы банкноттордо түсүн өзгөртүүчү сыя колдонулган эмес.

Жетинчи чыгарылыш (E7) (булак)
Сүрөт Номинал

Өлчөмү

(мм)

Түсү Сүрөттөөмөсү Датасы
Алдыңкы бети Арткы бети Алдыңкы бети Арткы бети Алдыңкы бети Арткы бети Жүгүртүүгө киргизилген Жүгүртүүдөн чыгарылган
10 122×55 кызгылт, саргыч жашыл Мустафа Кемал Ататүрктүн портрети Ататүрккө гүл берип жаткан студенттер 25-декабрь 1979 21-август 1987
15-ноябрь 1982
100 131×63 кызгылт көк, күрөң Анкара цитадели, Мехмет Акиф Эрсойдун портрети жана анын Анкарадагы үйү, "Истиклал" поэмасынын алгачкы эки төрт саптуу бөлүгү 26-декабрь 1983 21-август 1989
17-сентябрь 1984
500 140×72 көк Измир саат мунарасы 1-июль 1983
21-май 1984
1 000 кызгылт көк Стамбулдун эски портрети менен Мехмед IIнин портрети 31-март 1986 3-август 1992
19-февраль 1988
5 000 күрөң, кызгыл сары, көк Мевлана музейи жана анын скульптурасы 2-ноябрь 1981 31-январь 1994
146×72 күрөң, жашыл 29-июль 1985
13-июнь 1988
«Афшин-Эльбистан» ЖЭСи 28-май 1990
10 000 кызгылт көк, жашыл жашыл Мимар Синандын портрети жана Селимий мечити 25-октябрь 1982 15-декабрь 1995
13-апрель 1984
24-январь 1989
22-февраль 1993
20 000 152×76 бозомтук кызыл кызгылт көк Түркиянын Борбордук банкынын заманбап башкы имараты 9-май 1988 9-сентябрь 1997
сары, кызгыл сары 3-апрель 1995
50 000 жашыл жашыл Түркия парламентинин имараты 15-май 1989 5-ноябрь 1999
жашыл, кочкул боз 20-февраль 1995
100 000 158×76 күрөң, жашыл Мустафа Кемал Ататүрктүн портретижана анын Самсундагы айкели Ататүрккө гүл берип жаткан студенттер 11-ноябрь 1991 5-ноябрь 2001
15-июль 1994
12-июль 1996
250 000 көк Мустафа Кемал Ататүрктүн портрети Кизил-Куле 2-октябрь 1992 31-декабрь 2004
2-октябрь 1995
16-март 1998
500 000 160×76 кызгылт көк Чанаккале мемориалы 18-март 1993
16-май 1994
26-август 1994
10-октябрь 1997
1 000 000 бозомтук кызыл, көк Ататүрк дамбасы 16-январь 1995
9-сентябрь 1996
10-январь 2002
5 000 000 162×76 сары Аниткабир 6-январь 1997
10 000 000 кызыл Пири Рейстин картасы 5-ноябрь 1999
20 000 000 жашыл Эфес 5-ноябрь 2001

Сегизинчи чыгарылыш (E8)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Сегизинчи чыгарылыш (E8) (булак)
Изображения Номинал

(новых ₺)

Өлчөмү

(мм)

Түсү Сүрөттөөмөсү Датасы
Алдыңкы бети Арткы бети Алдыңкы бети Арткы бети Алдыңкы бети Арткы бети Жүгүртүүгө киргизилген Жүгүртүүдөн чыгарылган
1 156×76 бозомтук кызыл, көк бозомтук кызыл, көк Мустафа Кемал Ататүрктүн портрети Ататүрк дамбасы 1-январь 2005 1-январь 2010
5 162×76 сары Аниткабир
10 кызыл кызгылт көк, кызыл Пири Рейстин картасы
20 жашыл Эфес
50 152×81 кызгыл сары ачык күрөң, кызгыл сары Каппадокия
100 158×81 көк Исхак Пашанын сарайы

Тогузунчу чыгарылыш (E9)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түркиянын Борбордук банкы тарабынан «тогузунчу эмиссиялык топ» деп аталган банкноттордун заманбап сериясы 2009-жылдын 1-январында жүгүртүүгө кирген. Ал алгачкы жылы сегизинчи чыгарылыштагы банкноттор менен катар колдонулуп, эски акчаларды алмаштыруу 2019-жылдын 31-декабрына чейин уланган.

Тогузунчу эмиссиялык топтун банкноттору валютанын тарыхый аталышы болгон «Түрк лирасын» кайтарадан колдонгон. Сегизинчи топко салыштырмалуу, бул серияга монета менен алмаштырылган 1 лиралык номинал кирбей калган, бирок 200 лиралык жаңы номинал кошулган[7][8]. Бул банкноттордун арткы бетине өлкөнүн кооз жерлери эмес, Түркиянын көрүнүктүү инсандарынын портреттери түшүрүлгөн[9]. Ар бир төрт жыл сайын (мисалы, 2013 жана 2017-жылдары) банкноттор модификациядан өтүп, айрымдарынын түсү да өзгөрүп турат[10].

Банкноттордогу Мустафа Кемал Ататүрктүн портретинин өзгөчөлүгү — эң кичине номиналдан эң чоң номиналга карай барган сайын анын жүзү капталынан (профиль) акырындык менен түз караган абалга (анфас) өзгөрүп турат.

Тогузунчу чыгарылыш (E9)
Изображения Номинал

(лир)

Өлчөмү

(мм)

Основные

Түсүа

Сүрөттөөмөсү Жүгүртүүгө киргизилген
Лицевая сторона Оборотная сторона Лицевая сторона Оборотная сторона
5 130×64 күрөң Мустафа Кемал Ататүрктүн портрети Айдын Сайлы, Күн системасынын схемалары, атомдун түзүлүшү, байыркы үңкүр жана ДНК чынжыры 1-январь 2009
кызгылт көк 8-апрель 2013
10 136×64 кызыл Профессор Кахит Арфанын портрети, математикалык формулалар 1-январь 2009
20 142×68 жашыл Мимар Кемаледдиндин портрети, Гази университетинин имараты, акведук, геометриялык фигуралар: куб, шар, цилиндр
50 148×68 кызгыл сары Жазуучу Фатма Алие Топуздун портрети, кагаздар, калем салынган сыя кутучасы, китептер
100 154×72 голубой Музыкант Бухуризаде Ытринин, Руминин отурган фигурасы, музыкалык аспаптар, ноталар
200 160×72 кызгылт Акын Юнус Эмренин портрети, Юнустун күмбөзү, учуп бараткан көгүчкөндөр, розалар
Сүрөттүн масштабы 1 пиксел/мм.
  1. 2005-жылга чейин
  2. TRADING ECONOMICS. Inflation Rate
  3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети. Мамлекеттер аралык валюталар классификатору. (орусча)
  4. Darphane açıkladı: Piyasada 1 milyon adet 'Türkçe Olimpiyatları' parası var
  5. 100. yıl hatırası ölümsüzleştirildi!
  6. Cumhuriyetin 100. yılına özel "5 Türk lirası" hatıra parası basıldı
  7. Türkiye Cumhuriyet Merkez Bankasi (Central Bank of the Republic of Turkey). Public Announcement As To The Removal Of The Prefix "New" From The New Turkish Lira. Official Gazette no. 26516, 8 May 2007, page 103.. TCMB (8 -май (бугу) 2007).
  8. Turkish Daily News. TL banknotes to be in circulation in 2009 (15 -сентябрь (аяк оона) 2006).
  9. Türk Lirası’nda yeni yüzler (tr), NTV-MSNBC (3 -октябрь (тогуздун айы) 2008).
  10. Türkiye Cumhuriyet Merkez Bankasi (Central Bank of the Republic of Turkey). Press Release On The Issue Of E-9 Emission Group II. Series Turkish Lira Banknotes. TCMB (2 Апрель 2013).

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]