Мазмунга өтүү

Сомони

Википедия — ачык энциклопедия
Сомони
2018-жылдагы 500 сомони
2018-жылдагы 500 сомони
Коддор жана белгилер
ISO 4217 коддору TJS (4217)
Символдор с • смн • сом
Жүгүртүү чегарасы
Эмитент  Тажикстан
Тарыхы
Киргизилди 30.10.2000—01.04.2001
Мурда колдонулган валюта Тажик рубль (TJR)
Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү
Эмиссиялык борбор Тажикстан Улуттук банкы
www.nbt.tj
Банкнота өңдүрүүчү Гознак
Акча сарайы Санкт-Петербург акча сарайы
http://spmd.goznak.ru/
Казахстан акча сарайы
https://kazmint.kz/
Курстар 10 Апрель 2015-жылга көрсөтүлгөн
1 KGS = 0,09376 TJS
1 USD = 6,01 TJS
1 EUR = 6,352 TJS
1 GBP = 8,79 TJS
1 JPY = 0,04988 TJS
Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат.

Сомони (таж. сомонӣ) – Тажикстандын акча бирдиги. ISO 4217 стандартына ылайык тамгалык коду – TJS, сандык коду – 972. Официалдуу символу – с, эмитент – Тажикстандын Улуттук банкы. Ал Исмаил Саманинин атына аталып коюлган. 1 сомони 100 дирамдан турат.

Тажикстандын жаңы улуттук акча бирдиги — сомони, 2000-жылдын 30-октябрынан тартып жүгүртүүгө киргизилген[1]. Ага чейин Тажикистан рублу, (TJR) 1000 TJR = 1 TJS курсу менен иштетилген. 1995-жылы тажик рубли орус рублин (RUR) 100 RUR = 1 TJR курсунда алмаштырып, жүгүртүүгө киргизилген[2].

Айланма тыйындар 2001-жылы биринчи жолу чыгарылып, 5, 10, 20, 25 жана 50 дирамдык номиналдарда жез капталган болоттон, ал эми SM 1, SM 3 жана SM 5 тыйындары никель капталган болоттон сокулган. Эки металлдан жасалган SM 3 жана SM 5 тыйындары 2003-жылы алгачкы жолу иштетүүгө чыгарылган. Сомони тыйындарынын бардыгынын арткы беттери жыл сайын өзгөртүлүп, ар кандай окуяларды эскерет. 2011-жылкы экинчи чыгарылыш 2012-жылдын июнь айында чыгарылып, 1, 2, 5, 10, 20 жана 50 дирамдарды, ошондой эле SM 1 тыйындарын камтыган. 2018-жылы сомони тыйындарынын үчүнчү сериясы SM 1, SM 3 жана SM 5 номиналдарында чыгарылган.

2001–2020-жылдардагы серия

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Сүрөт Деноминация Материал Диаметри
(мм)
Калыңдыгы
(мм)
Салмагы
(г)
Гурт Чыккан жылдары
5 дирам жез капталган болот 16,5 1,35 2 жылмакай 2001 2006
10 дирам 17,5 1,4 2,4 2001 2006
20 дирам 18,5 1,4 2,7 2001 2006
25 дирам жез + цинк 19 1,4 2,76 чийилген 2001 2006
жез менен капталган болот 2,8 2006
50 дирам жез+цинк 21 1,45 3,6 2001 2006
жез менен капталган болот 3,4 2006
1 сомони нейзильбер 24 1,6 5,2 үзүлмө чийилген гурт 2001
24,5 1,8 5,8 2018
3 сомони 25,5 1,8 6,3 “СЕ СОМОНӢ” жазуусу бар жылма гурт 2001
2018
5 сомони 26,5 1,85 7 жылдызчалары бар үзүлмө чийилген гурт 2001
2018

1, 5, 20 жана 50 дирамдык, ошондой эле 1, 5, 10, 20, 50 жана 100 сомони банкноттор 1999-жылы Тажикстан президентинин № 415 указына ылыйык басылып чыгып, 2000-жылы жүгүртүүгө чыгарылган. 2010-жылы 3, 200 жана 500 сомони жаңы банкноттор чыгарылган[3]. 2013-жылы 5, 10, 20, 50 жана 100 сомони купюралары жаңы басылышта кайрадан чыгарылган. Бул купюраларда жаңы коргоо элементи колдонулган: сериялык номердин акыркы үч саны кинеграммага лазер аркылуу түшүрүлүп, алар жылаңач көз менен да, кол менен кармаганда да сезиле турган рельефтик түзүлүшкө ээ. 2021-жылы Тажикстандын Улуттук банкы 100 сомонилик банкноттун жаңы үлгүсүн чыгарган — анда мурдагыдай Президенттик сарайдын ордуна Навруз сарайынын сүрөтү арт жагына жайгаштырылган.

Сүрөт Деноминация Өлчөмдөрү
(мм)
Негизги түстөр Описание Чыккан жылдары
Жүз тарабы Арт тарабы Жүз тарабы Арт тарабы
1 дирам 100×60 күрөң Садриддин Айни атындагы опера жана балет театрынын имараты тоонун пейзажы 1999
5 дирам көк "Арбоб" маданият сарайы Чилучоршмадагы күмбөз
20 дирам жашыл Тажикстан Улуттук банкынын жыйындар залы тоо жол
50 дирам күлгүн Саманиддер мамлекетинин негиздөөчүсү

Абу Ибрахим Исмаил ибн Ахмад Самани (849-907)

тоо өрөөнү
1 сомони 141×65 жашыл Акын, Тажикстандын коомдук-саясий ишмери

Мирзо Турсун-Заде (1911-1977)

Тажикстан Улуттук банкынын имараты 1999
3 сомони күлгүн Тажикстандын баатыры, Тажикстандын мамлекеттик ишмери

Шириншо Шотемор (1899-1937)

Тажикстан парламентинин имараты 2010
5 сомони 144×65 көк заманбап тажик адабиятынын негиздөөчүсү

Садриддин Айни (1878-1954)

Пенжикент районундагы Абу Абдаллах Рудакинин күмбөзү 1999
10 сомони 147×65 кызгылт сары

күлгүн

Тажик ойчул жана акын

Мир Сайид Али Хамадани (13141384)

Мир Cаид Али Хамадонинин Куляб шаарындагы күмбөзү 1999
2017
2018
2021
2022
20 сомони 150×65 күрөң

көгүлтүр

Персиялык философ жана дарыгер, Энциклопедиялык илимпоз

Абу Али Хусейн ибн Абдулла ибн Сина (Авиценна) (9801037)

Гиссар чеби 1999
2017
2018
2021
2022
50 сомони 153×65 көгүлтүр

сары

окумуштуу, Тажикстандын мамлекеттик ишмери

Боободжан Гафуров (1908-1977)

Исфара районундагы "Сино" чайканасы 1999
2017
2018
2021
2022
100 сомони 156×65 күрөң

көгүлтүр

Саманиддер мамлекетинин негиздөөчүсү

Абу Ибрахим Исмаил ибн Ахмад Самани (849-907)

Президенттик сарай 1999
2017
2021
2022
200 сомони 159×68 күрөң
сары
көгүлтүр
Тажикстандын баатыры, Тажикстандын мамлекеттик ишмери

Нусратулло Махсум (1881-1937)

Улуттук китепкананын имараты 2010
2018
2021
2022
500 сомони 162×71 көк
сары
тажик (перс) классикалык адабиятынын негиздөөчүсү

Абу Абдаллах Рудаки (858-941)

Улут сарайы 2010
2018
2021
2022