Мазмунга өтүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

Википедия — ачык энциклопедия
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
Жайгашкан жери

Кыргызстан, Бишкек, Чүй пр., 168

Башчысы

Тургунбаев Мелис Жусупжанович

Валюта

Кыргыз сому

Резервдери

7,554 млрд $

Базалык эсептик чен

10%

Базалык депозиттик чен

4%

Сайты

www.nbkr.kg

Мурунку аталышы

СССРдин мамлекеттик банкы

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Викиказынада

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы - Кыргыз Республикасынын борбордук банкынын ырасмий аталышы. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын статусу, милдеттери, функциялары, ыйгарым укуктары жана ишин уюштуруу принциптери Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлунда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" мыйзамы тарабынан аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишинин башкы максаты болуп тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу улуттук акча бирдигинин (сомдун) туруктуулугуна жетишүү жана аны колдоп туруу саналат.

Банктын ишинин максаттарына жетишүүгө өбөлгө түзгөн негизги милдет - улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо, республиканын банк жана төлөө системаларынын коопсуздугун жана ишенимдүү ишин камсыз кылуу. (Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" мыйзамынын 3-статьясы).

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алдына койгон милдеттерди аткаруу үчүн өз ишин мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынан көз карандысыз, өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат.

Банктын функциялары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. Кыргыз Республикасында акча-кредит саясатын иштеп чыгат, аныктайт жана жүргүзөт;

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алган банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин ишин жөнгө салат жана ага көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат;

3. бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

4. акча белгилеринин эмиссиясын жүзөгө ашыруучу өзгөчө укукка ээ;

5. төлөө системаларынын натыйжалуу иштөөсүнө көмөктөшөт;

6. банк системасы үчүн банк операцияларын жүргүзүунүн жана бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулуктун эрежесин бекитет.

  1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Archived 2011-01-07 at the Wayback Machine
  2. 2011-жылдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтомдору
  3. Улуттук валюта