Кыргыз улуттук опера жана балет театры

Википедия дан

Кыргыз улуттук опера жана балет театры А. Малдыбаев атындагы — Кыргызстандагы жалгыз опера жана балет театры, Кыргыз музыкалык маданиятынын борбору. 1937-жылы Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик театрынын базасында музыкалык драма театры болуп уюшулган. Алгач опера спектаклдери кыргыз жана орус тилдеринде коюлган. 1942-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрына айланышы улуттук профессионал музыкалык искусствонун калыптанышында, өнүгүшүндө өзүнчө мектеп болгон.

Адегенде «Алтын кыз» (1937), «Ажал ордуна» (1938) музыкалык драмалары коюлган. 1939-жылы театрда кыргыздын туңгуч улуттук операсы «Айчүрөк» (музыкасы В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференики; либреттосу Ж. Турусбеков, К. Маликов, Ж. Бөкөнбаевдики, дирижёру В. Целиковский, режиссёр А. Куттубаев, сүрөтчүсү Я. Штоффер) коюлган. Кыргыздын профессионал музыкалык искусствосун өнүктүрүүдөгү театрдын алгачкы ийгиликтери 1939-жылы Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн он күндүгүндө белгиленип, театр Ленин ордени менен сыйланган.

1940-жылдарда театрда туңгуч кыргыз балеттери «Анар» (музыкасы В. Власов, В. Ференики; либреттосу К. Эшмамбетов, Н. Холфиндики, балетмейстери Н. Холфин), «Селкинчек» (1943, В. Власов, В. Фере), «Чолпон» (1944, 3-редакциясы 1958, В. Власов, В. Фере), улуттук опералары: «Токтогул» (1940, А. Веприк), «Элдин таалайы үчүн» (1941, В. Власов, В. Фере), «Патриоттор» (1941, В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере), «Манас» (1946, жаңы редакциясы 1966, В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере), «Элдин уулу» (1946, жаңы редакциясы 1966, В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере) коюлган. 1950-жылдардан баштап театр репертуары жаңы чыгармалар менен байыган, анын ичинде «Көл боюнда» (1951, В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере), «Айдар менен Айша» (1952, А. Аманбаев, С. Германов), «Жаш жүрөктөр» (1953, М. Абдраев), «Токтогул» (1956, А. Малдыбаев, М. Абдраев), «Ак шумкар» (1957, С. Ряузов), «Мурат» (1959, Л. Книппер), «Жамила» (1961, М. Раухвергер), «Эненин жүрөгү» (1963, С. Германов), «Олжобай менен Кишимжан» (1965, М. Абдраев), «Алтын кыз» (1974, В. Власов, В. Фере), «Бороон алдында» (1972, М. Абдраев); музыкалык драмалар жана комедиялар: «Ким кантти» (1943, М. Абдраев, А. Аманбаев, А. Малдыбаев, А. Түлеев), «Бойдоктор» (1960, экинчи редакциясы 1974, А. Аманбаев), «Аста-секин, колукту» (1971, Н. Давлесов), балеттер: «Селкинчек» (1943, В. Власов, В. Фере), «Чолпон» (1944, 3-редакциясы 1958, М. Раухвергер), «Ала-Тоодо жаз» (1955, В. Власов, В. Фере), «Куйручук» (1960, К. Молдобасанов, Г. Окунев), «Саманчы жолу» (1975, К. Молдобасанов) бар. ошондой эле дүйнөлүк классикалык чыгармалар: «Евгений Онегин», «Ак куу көлү», «Уйкудагы сулуу» (П. Чайковский), «Борис Годунов» (М. Мусоргский), «Жизель» (А. Адан), «Чио-Чио-сан» (Ж. Пуччини), «Фауст» (Ш. Гуно), «Кармен» (Ж. Бизе), «Аида», «Отелло» (Ж. Верди), «Баядерка», «Дон Кихот» (Л. Минкус) ж. б. коюлган.

1958-жылы Кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвада өткөн он күндүгүндө чыгармачылык ийгиликтери үчүн театрга академиялык деген наам берилген (1959).

Театрды калыптантырууга жана өнүктүрүүгө композитор: А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере, М. Абдраев, М. Раухвергер, К. Молдобасанов, Н. Давлесов; режиссёр: А. Куттубаев, В. Васильев; сүрөтчүлөр: Я. Штоффер, А. Арефьев, А. Молдокматов; дирижёрлор: В. Целиковский, Ш. Орозов, Р. Миронович, К. Молдобасанов, А. Жумахматов, Н. Давлесов; балетмейстерлер: Н. Түгөлов, К. Мадемилова; хормейстерлер: С. Юсупов, К. Алиев; либретточулар: А. Токомбаев, Ж. Турусбеков, К. Маликов, Ж. Бөкөнбаев, О. Сарбагышев, Н. Байтемиров ж. б.; ырчылар: С. Кийизбаева, А. Куттубаева, К. Иманкулова, И. Деркембаева, С. Бекмуратова, А. Малдыбаев, М. Эркимбаева, Г. Ахунбаева, С. Токтоналиев, Б. Миңжылкыев, Х. Мухтаров, Т. Сейталиев, К. Сартбаева, Н. Акрамова, М. Темирбеков, А. Тентимишев, Э. Молдокулова, Д. Жалгасынова, Э. Касымов ж. б.; бийчилер: Б. Бейшеналиева, У. Сарбагышев, Р. Чокоева, А. Токомбаева, Ч. Базарбаев, М. Асылбашев, Б. Алимбаев салым кошушкан. 20-кылымдын аягы — 21-кылымдын башында театрда дирижёрлор: Р. Осмоналиев, Ж. Каныметов (башкы дирижёр); режиссёрлор: О. Еркимбаева, И. Сартбаев (башкы режиссёр); балетмейстрлер: К. Сыдыков, А. Нуртазин (башкы балетмейстери); М. Шарафидинов (башкы сүрөтчүсү); К. Тиленчиев (башкы хормейстери); ырчылар: С. Чоткараева, К. Турапов, В. Портнова, К. Орузбаев, Э. Нурманбетова, С. Алмасбеков, А. Ибраев, Э. Асанкулова, Т. Жакшылыков, А. Алимбаева, С. Нураков, С. Жумашев, К. Кускаков; бийчилер А. Нуртазин, С. Түкбулатова, К. Сыдыков, М. Ласточкина, Д. Бийсеев, А. Ирсалиев, Р. Таирова, Б. Куттубаев, С. Куватова, К. Сулейманов, А. Ахмадалиева, А. Миңжылкыева, А. Рыскулов, Г. Жусупова, Д. Садыркулов, А. Төлөбаев ж. б. эмгектенишкен, эмгектенип жатышат. Театр хоруна ырчыларды даярдоочу студия (1956-жылы 26-июнда уюшулган) бар. 1996-жылы театрдын демилгеси менен «Бүбүсара Бейшеналиева атындагы балет искусствосунун эл аралык фестивалы» (2000, 2008); «Болот Миңжылкыев атындагы опера искусствосунун биринчи фестивалы» (2000) өткөрүлгөн. Эл аралык долбоорлордун алкагында коюлган спектаклдер да бар: В. А. Моцарт «Сыйкыр флейта» (2001, режиссёр Сечи Осбринк, Швеция), У. Гажибеков «Кёроглы» (2009, режиссёр Афлатун Нейматзаде, Азербайжан). Театрдын 1100 орундуу имараты кпассикалык стилде [ордердик системада, архитектор А. Лабуренко (П. Ивановдун катышуусу менен)] салынган. Залдын плафонундагы чыгармалар Г. Айтиевдин жетекчилиги менен жасалган. Фронтон үстүндөгү жана эки жагындагы скульптуралар О. Мануйловага таандык. Ички жана сырткы жасалгаларына кыргыздын оймо-чиймеси кеңири колдонулган. Театрда илимий конференция, семинар, кеңешме, түрдүү тарыхый даталарга арналган салтанаттуу жыйындар өткөрүлүп турат. Имарат 1955-жылдын 15-майында пайдаланууга берилген. Театрга 1978-жылы А. Малдыбаевдин ысмы, 2000-жылдын 14-сентябрында улуттук статусу ыйгарылган. Директорлору: С. Кийизбаева, А. Куттубаева, Ч. Базарбаев, М. Баялинов, Б. Осмонов, Т. Саламатов.

Театр имараты Бишкектеги Байтик жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан .

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]