Николай Холфин

Википедия дан

Холфин Николай Сергеевич (1903, Москва - 1983, ошол эле жер) - орус бийчиси, балетмейстер.

Түркмөн ССРинин (1944), КыргызССРинин (1958) искусствого эмгек сиңирген ишмери. 1928-ж. Луначарский атындагы театр техникумунда, Москва драма балетинде (Н. С. Греминдин жетекчилиги менен ) окуган.

Холфин балетмейстер катары кыргыз жана түркмөн хореография өнөрүн өнүктүрүүгө кыйла салым кошкон.

Кыргыз опера жана балет театрында В. Власов менен В. Ференин «Анар» (1940), М. Раух-вергердин «Чолпон» (1948) балеттерин койгон.

Эки «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.