Саманийлер мамлекети
Саманийлер мамлекети – 875–999-жылы Орто Азияда өкүм сүргөн феодалдык мамлекет. Аны Ооганстандагы Балх шаарына жакын жердеги Саман кыштагынан чыккан Сама-Худат деген адам негиздеген. Анын атынан Саманийлер мамлекети деп аталган.
'Саманийлер мамлекети' колония, өзэркин регион | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
Борбор калаа | Самаркан 819—892 Бухара 892—999 | |||
Тил | фарс тили, араб тили | |||
Дин | Ислам | |||
Аянт | 2.850.000 км2 | |||
Эмир | ||||
- 819—864/5 | Абд аль—Малик II | |||
Өтүүчүлүк | ||||
← Сафарид династиясы ← Аббасий халифаты ← Түндүк Ырандагы Династиялар ← Согдулуктар Газневилер мамлекети → Караханийлер мамлекети → Бану Ильяс → Фаригунидтер → |
Сама-Худат өз чегарасын кеңейтип, борборун Бухара шаарына көчүргөн. Эң өрчүп, өркүндөп турган мезгили – 10-кылымдын биринчи жарымы. Анын аймагына ошол учурда Мавераннахр, Хорасан, Түндүк жана Чыгыш Иран, Хорезм, Газни, Табарстан, Систан, Журжан жана башка кошулган. Саманийлер мененде вазир, падыша, аскер начальниги, бекет жана башка башкаруунун иреттүү системасы түзүлгөн. Гүлдөгөн шаарлары: Бухара, Самаркан, Нишапур, Мерв, Герат, Балх болгон. Соода-сатык, кол өнөрчүлүк өнүккөн. Саманийлер мамлекети Хазария, Иран, Булгар, Караханийлер мамлекети, Кытай, Русь менен соода кылган. Кыргызстандын аймагындагы Караханийлер кагандыгы менен карым-катнаш жүргүзүп турган. Чоң шаарларында мектептер, окуу жайлары, медреселер болгон. Бухара шаары өзүнүн эң чоң китепканасы менен даңазаланган. А. Рудаки, А.Фараби сыяктуу окумуштуулар, маданият ишмерлери чыккан. Саманийлер мамлекетинин тили «дари» (фарсы тилинин негизинде) болгон. 10-кылым аягында бытырандылыктын натыйжасында, Караханийлер мамлекети Саманийлер мамлекетин кулаткан.
Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.