Кисси (эл)

Википедия дан

Кисси (гиси, гизи, исси, гизима, гии, дэи) — Батыш Африкадагы эл. Гвинея (360 миң адам), Сьерра-Леоне (100 миң) жана Либерия (40 миң) өлкөлөрүндө жашайт.
Жалпы саны 0,5 млн адам.

Тил

Кисси (гизи) тили Нигер-конго макробүлөсүнүн Батыш атлантикалык тилдердин уясына кирет.

Дин

Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдерди (анимизм) карманышат.

Чарбалык иштер

Негизги кесиби — кол менен иштетилген жер чарба (маниок, батат, таруу, күрүч, жер жаңгак). Андан тышкары майлуу пальманын жемиштерин жыйноо, балык уулоо (деңиз жээгинде), малчылык (майда мүйүздүү мал).

Турак жай

Чакан кыштактарда жашашат. Пальма жалбырактарынан жасалган конус чатыры бар тегерек турак-жайлар басымдуулук кылат.

Кийим

Арзан пахта кездемелеринен тигилген европалык кийимдер.

Тамак-аш

Тамак-аш — пальма майына бышырылган жана жашылча татымалдары кошулган таруу, жүгөрү, күрүч ботколор жана коюу шорполор. Жээгинде — балык тамактары.

Коом

Коомдук уюм аксакал башында турган чоң үй-бүлө жамаатынан негизделген. Туугандык эсеп аталык. Нике патрилокалдык.

Маданият

Элдик көркөм өнөрдө жыгач оюу (адамдардын жана жаныбарлардын айкелдери, ритуалдык маскалар), боёктук кездемелерди жасоо (батик), оймо-чийме керамика бай салттарга ээ.
Буга чейин (бир нече кылым мурун) кисси таштан оймочулары "помдо" таш айкелдерди (ритуалдык мааниге ээ) жасашкан.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]