Ломе
Көрүнүш
| Ломе | |
|---|---|
| шаар | |
| Ломе | |
Ломе панорамасы | |
| Өлкө | Того |
| Population (1998) | |
| • Total | 700 000 |
| Time zone | GMT |
Ломе – Того Республикасынын борбору (1960-жылдан). Гвинея булуңунун жээгинде Гана мамлекети менен болгон чек арада жайгашкан. Калкы 1,6 млн (2010; шаар айланасы менен). Жолдор тоому. Башкы деңиз порту. Эл аралык аэропорту бар.
18-кылымдын аягында эве элинин тургун жайынын ордунда пайда болгон. 1-дүйнөлүк согушка чейин Германиянын ээлиги, кийинчерээк Франциянын Тогонун административдик борбору. Тамак-аш, нефть ажыратуу, жеңил, пахта тазалоочу өнөр жай ишканалары иштейт. Мрамор сайкалдайт. Собор (20-к.), спорт комплекси, аэровокзал, университет, архив, китепканалар, улуттук музей жана башкалар бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
| |||||||||||||