Мазмунга өтүү

Банги

Википедия — ачык энциклопедия
Банги
шаар
Банги
Бангинин четиндеги Убанги суусу
Бангинин четиндеги Убанги суусу
ӨлкөБорбордук Африка Республикасы
Area
  Total26 sq mi (67 km2)
Population (2003)
  Total531 763
Time zoneGMT

БангиБорбордук Африка Республикасынын борбор шаары. Өзүнчө административдик бирдикти түзөт. Калкы 542,4 миң (2005); Борбордук Африка Республикасынын шаар калкынын 40% жашайт. Өлкөнүн түштүгүндө, Убанги дарыясынын оң жээгинде жайгашкан. Жолдор тоому. Эларалык аэропорту бар. Дарыя порту (Борбордук Африка Республикасынын сырткы соодасын жана бир аз Чад Республикасын тейлейт). 1989-ж. Франция форту катары негизделген. 1914-58-ж. Франциянын колониясы Убанги Шаринин административдик борбору. 1958-жылдан Автономиялык Республика (Франция коомунун курамында), 1960-жылдан көз каранды эмес мамлекеттин борбору. Борбордук бөлүгүндө өкмөттүн жана администрация, соода мекемелери, батышында соода кварталдары, түштүгүндө өнөр жай аймактары жайгашкан. Мурдагы Франция фортунун калдыктары, Кудай Эне собору (19-кылымдын аягы 20-кылымдын башы) сакталган. Улуттук край таануу (1964), өлкөнүн өткөндөгү тарыхы, эстелиги, турмуш-тиричилик буюмдары, музыкалык аспаптар музейлери, Улуттук искусство жана кол өнөрчүлүк борбору (1975), университет (1969), 6 институт (анын ичинде политехникалык, айыл чарба), илим-изилдөө борборлору (пастер атн, 1961, ж. б.) иштейт. Тамак-аш, жыгаччылык, жеңил (анын ичинде кебез-кездеме комбинаты), металл иштетүү, тамеки, самын кайнатуу өнөржайлары бар. Мотоцикл жана велосипед чогултулат.