Бужумбура

Википедия дан
Бужумбура

Бужумбура – Бурунди мамлекетинин борбор шаары. Калкы 336,6 миң (2006). Танганьика көлүнүн Түндүк-чыгыш жээгиндеги порт, өлкөнүн соода-транспорттук жана экономикалык борбору. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Сыртка кофе, пахта, тери, калай концентратын жана башка чыгарат. Тамак-аш, жеңил өнөр жайы, цемент, пиво заводдору иштейт. Балык кармалат. Айыл чарба сырьёсунан азык-түлүк даярдайт. Тор түйүү фабрикасы, университет бар. 1897-ж. негизделген. 1922-жылдан мандат менен башкарылуучу, 1946–62-ж. опека алдындагы (Руанда-Урунди) Бельгия аймагынын, 1962-жылдан көз каранды эмес Бурунди мамлекетинин борбору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]