Мапуту

Википедия дан
Мапуту
шаар
Мапуту
Мапуту
Мапуту
Өлкө Мозамбик
Population (2006)
 • Total 1 244 227
Time zone GMT

Мапуту (португалча: Maputu) Африкадагы бир шаар, жана Мозамбиктин борбор шаары.

Калкы 1,1 млн (2006; Матола шаар-спутниги менен). Эл аралык аэропорту бар. Университеттер, колледждер, музейлер (анын ичинде тарых, улуттук) бар. Вокзалы (Эйфел долбоору боюнча курулган) өтө кооз. Ботаникалык бак (Африка континентиндеги өсүмдүктөрдүн уникалдуу түрлөрү өстүрүлөт), зоопарк уюштурулган. Деңиз курорту.

Тарыкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шаар португалиялыктар түзгөн форттун ордунда 1781-жылы негизделген. 1895-жылдан Португалиянын ээлиги – Мозамбиктин административдик борбору болгон. 1975-жылы Мозамбик көз каранды эместикке ээ болгондон анын борбору.

Географиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Инди океанындагы Делагоа бухтасынын жээгинде, Африканын айланма транзит жолунун боюнда жайгашкан.

Экономиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Машина куруу, металл иштетүү, химиялык, нефть ажыратуу, тамак-аш, жыгаччылык, текстиль өнөр жай ишканалары иштейт. Карапачылык өнүккөн.

Дагы көрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]