Мазмунга өтүү

Кампала

Википедия — ачык энциклопедия
Кампала
шаар
Кампала
ӨлкөУганда
Area
  Total73 sq mi (189 km2)
Elevation3 900 ft (1 190 m)
Population (2002)
  Total1 208 544
Time zoneGMT+3 (UTC+3)


Кампала (англисче: Kampala) - Уганда Республикасынын борбор шаары. Борбордук облусунун административдик борбору. Виктория көлүнүн түндүк жээгине жакын, деңиз деңгээлинен 1300 м бийикте жайгашкан. Калкы 1,5 млн (2008; өлкөдөгү эң ири шаар). Эл аралык аэропорту бар. 1890-жылы негизделген. 15-кылымда Буньоро королдугунун курамына кирген; 1905-жылга чейин Британия колониялык администрациясынын резиденциясы болгон. 1949-жылдан шаар статусуна ээ. 1962жылдын апрелинен Уганданын борбору (Энтеббе шаарынан кийин). Тамак-аш—татымал, текстиль, металл иштетүү өнөр жай ишканалары иштейт. Университет (1970, улуттук), илимий мекемелер (анын ичинен Уганда коому жана башка), инттар (айыл чарба жана мал чарба продукциясын изилдөөчү, Чыгыш Африка региондук), калк китепканасы, археологиялык изилдөөлөрдүн борбору, музей (Африка музыкалык аспаптарынын кайталангыс коллекциясы сакталган), театрлар бар. Архитектура эстеликтеринен Рубага собору, Буганда королдорунун күмбөздөрү сакталган.

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия:4 -том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. ISBN 978-9967-14-104-9