Мазмунга өтүү

Виктория көлү

Википедия — ачык энциклопедия
Виктория
англ. Lake Victoria, Victoria Nyanza
суахили Ziwa Victoria, Viktoria Nyanza, Ziwa Nyanza

Сүрөттүн аталышы
Координаттар:  ю. ш. 33° в. д.HGЯO
Морфометриясы
Деңиз деңгээлинен бийиктиги

1134 м

Аянты

68 000 км²

Көлөмү

2760 км³

Жээгинин узундугу

<7000 км

Эң терең жери

80 м

Орточо тереңдиги

40 м

Узундугу

320 м

Туурасы

<275 м

Гидрологиясы
Минералдашуунун түрү

Тузсуз

Туздуулугу

0 ‰

Тунуктугу

1-8 м

Суу топтоо бассейни
Куйган дарыялар

Кагера

Агып чыккан дарыялар

Ак Нил

Кошумча маалыматтар
Орточо максималдуу температурасы

22 °С

Орточо минималдуу температурасы

20 °С

Көлдүн тоңушу

тоңбойт

Аралдары

Укереве (Танзания), Рубондо (Танзания), Мигинго (Кения/Уганда), Ндере (Кения)

Өлкө

 Танзания
 Кения
 Уганда

Аймак

Кагера, Мванза, Мара, Ньянза

Виктория (Африка)
Виктория
Виктория Викиказынада

Виктория көлү, Виктория Ньянза, Укереве Чыгыш Африкадагы көл. Танзания, Кения жана Уганда мамлекеттеринин чек арасында. Чыгыш Африка платформасынын тектоникалык ийилүүсүндө жайгашкан. Аянты 68 миң км2 (тузсуз көлдөрдүн ичинен чоңдугу боюнча дүйнөдө 2-орунда). Тереңдиги 80 мге чейин. Жээги ойдуңдуу, булуң-буйткалуу. Аралдары көп (жалпы аянты 6 миң км2дей). Көп дарыялар куят; эң чоңу Кагера (Нилдин башаты); Виктория Нил суусу агып чыгат. Толкун пайда кылуучу катуу шамал болуп турат. Балык кармалат (негизги промыселдик балыгы балти). Кеме жүрөт. Негизги порттору: Энтеббе (Уганда), Мванза, Букоба (Танзания), Кисуму (Кения). Түндүк жээгине жакын Уганданын борбору Кампала шаары орун алган. Викторияны Инди океанынын жээктери менен байланыштыруучу Кисуму Момбаса жана Мванза Табора Дар-эс-Салам темир жолу бар. Рубондо аралында (Танзания) улуттук парк уюшулган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]