Борбор шаар

Википедия дан
Нү-Дели, Индиянын расмий борбор шаары.

Борбор шаар, байтак, башкен — өлкөнүн негизги расмий шаары. Борбордо бийликтин жогорку органдары жайгашат:

Булардын ичинен кээ бирлери башка шаарларда орун алышы мүмкүн.

Көбүнчө борбор өлкөнүн эң чоң шаары болот. Бирок ондогон өлкөлөрдө, бир же андан көп шаарлар мааниси жана көлөмү боюнча борбордон ашып кетишет.

Көп өлкөлөр борбор тандоо диллемасы менен жолугушкан. Бирок ал ар кандай чечилиши мүмкүн.

Кээде тең укуктуу эки расмий борбор да болушу мүмкүн — мисалы, империялык Австро-Венгрияда Вена менен Будапешт, Ливия падышалыгында Триполи менен Бенгази ж.б.у.с. Жапонияда Токио префектурасы борбор болуп саналат, ал болжол менен 50 өз алдынча аймактан турат.

Башка учурларда эки борбордук макам үчүн күрөшкөн шаарга эмес, үчүнчү шаарга берилип (керек болсо атайын «нөлдөн» баштап түзүлгөн) — мисалы, АКШдагы Вашингтон (Филадельфия менен Нью-Йорктун ортосунда өткөн шайлоодон кийин), ТАРдагы Претория (Йоханнесбург, Кейптаун), Канададагы Оттава (Торонто жана Монреал), Австралиядагы Канберра (Сидней жана Мельбурн), Бразилиядагы Бразилиа (Сан-Пауло жана Рио-де-Жанейро) жана башка ушул сыяктуу.

Административдик борбор — биринчи, экинчи жана үчүнчү баскычтагы шаар үчүн же башка административдик түзүлүштөрдү (облус, аймак, автономиялуу республика, провинция, штат, департамент) атоо үчүн колдонулат.

Убактылуу борборлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ар кандай учурларда өлкөлөрдө убактылуу борбор жарыялоолор болгон, ошондой эле ар кандай ой-пикир менен боорборду башка шаарга жылдыруулар болгон. Мисалы, акыркы жарым кылымда эле ондогон жаңы борборлор пайда болгон.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Түндүк Америка борборлору Калып:Австралия жана Океания борборлору