Империя

Википедия дан
Рим империясынын картасы.

Империя (латын тилинен келген imperium – бийликке ээ, кубаттуу, күчтүү) –

  1. Байыркы Римде – шайлоолордо, мыйзамдарды кабыл алууда, согуш жарыялоодо жана тынчтыкка келишүүдө, жогорку сотто көрсөтүлгөн элдин жогорку мамлекеттик бийлиги;
  2. байыркы римдик магистр – падышалардын, Рим республикасында – консул, претор, диктатор, протопретор, шаардык жана преториандык префект жана цензорлордун жогорку полномочиеси. Жогорку мамлекеттик бийлик аларга же шайлоо аркылуу же өзгөчө мыйзам менен берилген. Диктатор Рим республикасында император жогорку даражасын алган; Империянын полномочиелеринин республикалык мүнөзүнүн жоюлушу менен анын жогорку даражасы бийликке ээ болоору менен Римдик императорлоруна өмүрлүк кылып берилген; алардын Империясы тарабынан. Рим көзөмөлдөгөн аймактын бардыгына таркалган; # Императордун бийлиги таркаган аймак;
  3. Император титулун алган же династиялык жол аркылуу ага ээ болгон адам башкарган мамлекет;
  4. Метрополия – колония, борбор – провинция, борбор – улуттук республикалар жана чет жакалар мамилесинин негизинде катуу борборлошкон бийликтин астында гетерогендик этно-улуттук жана администрациялык-аймактык бирикмелерди бириктирген саясий система. Бардык маанилеринде Империя түшүнүгү жер-жерлерде борбордук бийликти катуу колдонуу менен байланышка.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9