Байыркы Рим

Википедия дан
Байыркы Рим.

Байыркы Рим - Эң Байыркы Дүйнөнүн көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Өзүнүн аталышын башкы шаардан алган. Бул аталыш өз учурунда шаардын негиздөөчүсү - Ромулдун атынан коюлган.

Римдин борбору Капитолий, Палатин жана Квиринал менен чектешкен саздак түздүктө орношулган. Байыркы Римдин цивилизациясынын түптөлүшүнө этруск жана байыркы гректердин маданияты чон таасирин тийгизген. Башкаруунун эң жогорку деңгээлине Байыркы Рим б.з.ч. II кылымда жетишкен. Бул убакта алардын башкаруусу астында түндүгүнөн азыркы Шотландия, түштүгүнөн Эфиопия, жана чыгышынан Армения, батышынан Португалияга чейинки мейкиндикти башкарып турган.

Азыркы дүйнөгө Байыркы Рим римдик башкарууну, кээ бир архитектуралык формаларды жана түзүлүштөрдү (мисалы арка, купол), ошондой эле көптөгөн жаңылыктарды (мисалы суу тегирмендер) калтырып кеткен. Дин катары Христианство да Рим империясынын террирториясында жаралган. Байыркы Рим өлкөсүнүн расмий тили болуп латын тили эсептелген. Расмий эмес герби болуп алтын бүркүт (лат. aquila) эсептелген.

Байыркы Римдин кулашы

Республиканын аймагынын чоңоюшу мамлекетти чыңдоону талап кылган. Сенаторлор мамлекетти ойдогудай башкара алышкан эмес. Ушундай кырдаалда Гай Юлий Цезарь адегенде аскер трибуну, кийин консул болуп шайланган. Цезарь аскерлеринин акысын көбөйтүп, жер бөлүп берүүнү убада кылат. Жалданма аскерлер анын аскердик талантын баалашып, анын айтканын аткарууга даяр турушкан. Юлий Цезарь өзүнүн аскерлерине таянып, өлкөдөгү бүткүл бийликти колуна алат. Ал Байыркы Римдин императору жана диктатору болуп, чексиз бийликке ээ болгон. Императорго урмат көрсөтүшүп, монеталарга анын сүрөтүн чегишкен. Анын скульптурасы кудайлардын скульптурасы менен катар коюлган.

Сырткы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]