Мазмунга өтүү

Диктатор

Википедия — ачык энциклопедия

Аткаруу бийлиги

Мамлекет башчы

Диктатор Монарх Президент

Өкмөт

Өкмөт башчысы Канцлер Аткаруу бийлигинин башчысы Премьер-министр Министрлер кабинети Министрлик Министр

Башкаруу формасы

Президенттик башкаруу системасы Аралаш башкаруу системасы Парламенттик башкаруу системасы Парламенттик демократия (Вестминстер системасы) Парламенттик монархия Парламенттик республика

Тизмелер

Президенттердин тизмеси Мамлекет башчыларынын тизмеси Өкмөттөрдүн тизмеси

Жергиликтүү бийлик

Губернатор Мэр Аким Айыл башчы

Диктатор (лат. dictator, dicto – бийлеймин, буйрамын) – 1) байыркы Италиянын , бир катар латын шаарларынын жыл сайын шайлануучу чексиз укуктуу башкаруучусу, ошондой эле Латын союзунун башчысы; 2) Байыркы Римде республикалык мезгилинде (биздин заманга чейин. 5-кылым–1-кылымдын 2-жарымы) коркунуч туулуп (согуш, ички башаламандык), бийликти бир адамга берүү зарылдыгы пайда болгондо, сенаттын чечими боюнча консулдар 6 айлык мөөнөткө дайындаган адам (магистрат). Мамлекеттеги бардык бийлик диктатордун колунда болгон. Диктаторду дайындаганда, титулуна анын шайланышынын себеби көрсөтүлгөн (Мисалы, согуш коркунучу туулганда дайындалган диктатор – согуш жүргүзүүчү диктатор). Биздин заманга чейин. 4-кылымга чейин элдик чогулушка диктатордун өкүмүнө каршы даттанууга тыюу салынган. Диктатор бардык кызмат адамын, ошондой эле консулду да башкарган. Адегенде диктаторлукка патрицийлер гана, биздин заманга чейин. 356-жылдан плебейлер да дайындалган. Сулла жана Цезардын тушунда чексиз мөөнөткө дайындалып, диктаторлук кызмат монархиялык мүнөз алган. Аны биздин заманга чейин. 44-ж. Антоний Марк жойгон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1