Аткаруу бийлигинин башчысы
Көрүнүш
Аткаруу бийлигинин башчысы – мамлекеттик башкаруу органынын жалпы улуттук же аймактык деңгээлиндеги, болбосо өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси. Жалпы улуттук деңгээлде монархиянын баардык тариздеринде шарттуу түрдө монарх (парламентардык монархияда – иш жүзүндө өкмөт башчысы ), президенттик республикаларда – президент, парламентардык өлкөлөрдө – шарттуу түрдө президент, ал эми иш жүзүндө өкмөт башчысы, жарым президенттик республикаларда – президент (кээде шарттуу түрдө – өкмөт башчысы). КРде КР ЖКнын макулдугу менен КР Президенти тарабынан дайындалуучу КР Премьер-министри А. б. б. болуп саналат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7