Министр

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Министр (фр. ministre, лат. minister – кызматчы) – өкмөттүн түзүмүнө кирген өзгөчө маанилүү мамлекеттик башкаруу органдарынын-министрликтердин жетекчилеринин тектүү аталышы. М. КР мыйзамдары боюнча өкмөт мүчөсү болуп саналат. М. аргандай аталат, м.: АКШда, Мексикада жана башка бир катар мамлекеттерде М-лердин баардыгы же бир бөлүгү мамлекеттик катчы, Улуу Британияда – канцлер ж. б. деп аталышат. М-дин парламенттик мамлекеттердеги жана президенттик республикалардагы иш жүзүндөгү ролдору, биринчи учурда М. кызматын эреже катары кесипкөй саясатчы, экинчисинде – кесипкөй администраторлор (кадрдык чиновниктер) ээлеп тургандыгына байланыштуу айырмаланат. Жарым президенттик республикаларда бул эки принцип көп учурда айкалышып кетет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]