Никосия, Лефкосия – Кипр Республикасынын борбору. Кипр аралынын чок ортосунда, Месаория түздүгүндө жайгашып, түштүк-батышынан Троодос тоосу жана түндүгүнөн Кирения кырка тоосу менен курчалып турат. Климаты субтропиктик, жер ортолук деңиздик. Эң салкын айы январдын орточо температурасы 10...15˚С, июлдуку 10˚С. Жылдык жаан-чачыны 500–1000 мм. Калкы 272,0 миң (2010). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар.
Никосия болжол менен Биздин заманга чейинки 7-кылымда негизделген. 16-кылымдан Осмон империясынын курамында болгон. 1960-жылдын 16-августунан көз каранды эмес Кипрдин борбору. Тамак-аш, жеңил өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, музейлер (тарыхый жана архив, улуттук искусство), лапидарий (таштан буюм жасоо) бар. Готика стилиндеги Ыйык София собору (13–14-кылым; учурда Селим мечити), Кудай эне жана августиндер чиркөөлөрү (экөө тең болжол менен 1330-жыл чен), рынок ансамбли, готика стилиндеги базилика (14–16-кылымда кеңейтилген), «Фамагуста дарбазасы» (16-кылым), Ыйык Ионн собору (1665-жылы кайрадан курулган, дубалга тартылган сүрөттөр цикли, 1730-жыл чен), архиепископтор ак сарайы (1950–59) сакталган. Туризм өнүккөн.