Кабул

Отурукташкан жай
Кабул
Өлкө Ооганстан
Координаттар 34°31′58″ с. ш. 69°09′57″ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү 18 район
Мэр Мохаммад Юнус Науандиш
Тарыхы жана Географиясы
Аянты 275 км²
Борборунун бийиктиги 1800 м
Убакыт аралыгы UTC+4:30
Калкы
Агломерация 3 071 400
Этнохороним кабулдук, кабулдуктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +93-20

Кабул (пушту жана дари کابل — Кабуль) — Ооганстандын борбору, шаар. Кабул вилаятынын административдик борбору. Иран бөксө тоосунун түндүк-чыгыш четинде, Кабул дарыясынын өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 1791 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3 071 400 млн (2011). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Кабул аркылуу Жакынкы Чыгыш менен Европаны, Ыраакы Чыгыш менен Индияны байланыштырган жолдор өтөт.

Шаар алгач 2-кылымда Птолемейдин эмгектеринде Кабур деп эскерилет. Кабулду 9-кылымда Саффарилер басып алган. 13-кылымда аларды Чынгызхан талкалаган. 1504-ж. Бабур басып алып, ээликтеринин борбору кылган. 1774-жылдан 1818-жылга чейин Кандагар менен бирге Дурраний мамлекетинин, англис-ооган согушунан (1878-80) кийин Ооган мамлекетинин борбору. 1919-ж. февралда эмир Аманулла-хан Кабулда Ооганстандын көз каранды эместигин жарыялаган. 1978-ж. Апрель революциясынан кийин Ооганстанга советтик аскер киргизилгенден (1979-89-ж. Ооган конфликти) Кабулда анын штаб командасы жайгашкан. 1989-ж. февралда советтик аскер чыгарылгандан кийин шаарда жана анын четжакасында Ооган оппозициясынын отряддары менен Ооганстан элдик-демократиялык партиясынын күчтөрүнүн айыгышкан катуу салгылаштары болгон. 1992-ж. апрелде оппозициялык топ Кабулду согушсуз ээлеген. 1996-ж. Кабулда «Талибан» кыймылы түзүлгөн. Ооганстанга АКШнын аскерлери киргенде (2001-ж., октябрь) «Талибандын» отряддары шаарды таштап кеткен.

1979-ж. согуш башталганга чейин Кабулдун экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзгөн. Текстиль, металл иштетүү, жыгаччылык, булгаары-бут кийим жана тамак-аш өнөр-жай ишканалары, үй куруу комбинаттары иштеген. Шаардын өнөр-жай потенциалы согуштун кесепетинен толугу менен талкаланган. 21-кылымдын башынан анча чоң эмес ишканалар (аскер куралдары, кебез-кездеме, кыл торко, кийим-кече, эмерек, суюлтулган газ, азык-түлүк) иштейт. 2006-ж. «Coca-Cola» заводу курулуп, ишке берилди. Бир нече мейманкана, заманбап соода борборлору, банктар курулууда. Шаардын четинде өнөр-жай зонасы уюштурулууда. Кол өнөрчүлүк (анын ичиндекилем токуу) өнүккөн. Кабул өлкөнүн илим-билим жана маданий борбору. Улуттук Илимдер Академиясы, университеттер (анын ичинде Кабул, политехникалык, медициналык, педагогикалыкжана Америка), Жакынкы Чыгыш институту, Ооганстанды окуп үйрөнүү региондук изилдөө борбору, Улуттук аскер академиясы, бир нече коллеждер, тарыхый-этнографиялык музей, калк китепканасы, сүрөт галереясы (ислам фундаменталисттери өтө талкалаган), театр ж. б. бар. Бала-Хиссар цитадели (5-кылым), Баги-Бабур паркы [Бабурдун күмбөзү жайгашкан (16-кылым)], Жахан шахтын мечити (17-кылым), Мухаммед Надир-шахтын мавзолейи, король ак сарайы ж. б. сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]