Эр-Рияд

Отурукташкан жай
Эр-Рияд
Өлкө Сауд Арабиясы
Статус Эр-Рияд (2011)
Координаттар 24°39′00″ с. ш. 46°42′36″ в. д.HGЯO
Мэр Абдулла бин Абдурахман ибн Альмогбель
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү XVIII кылым
Аянты 1554 км²
Убакыт аралыгы UTC+3
Калкы
Калкы 5 700 000 адам (2013)
Жыштыгы 3 041 адам/км²
Этнохороним эррияддык, эрриядыктар
Сандык идентификаторлор
Расмий сайты http://www.arriyadh.com/
 (ар.)  (англ.)

Эр-Рияд (араб. الرياض) — Сауд Арабия Падышалыгынын борбор калаасы жана өлкөнүн эң чоң шаары. Араб жарым аралынын ортосунда жайгашкан. Ал дүйнөдөгү абдан тез кеңейип жаткан шаарлардын бири, Арап калааларынын арасында аянты боюнча алдынкыларынан болуп эсептелет. Эр-Риядда 7 миллиондон ашык калк жашайт, Бул өлкөнүн калкынын 6/1 и деген сөз, шаардын жалпы калкынын 34% ын чет өлкөлүктөр түзөт.

Аталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шаардын бул ысым менен аталып калуусунун бирден бир себеби анын жайгашкан жеринин жаратылышы менен байланыштуу. Арап тилинде Рийаад сөзү ровда сөзүнүн көптүк формасы. Ал бакча, гүл бакча деген маанилерди берет. Бул сөздүн төркүнү мындайча түшүндүрүлөт. Чөлдө жаандан соң ар кандай сел суулары агып барган жапыс өрөөн болуп анын себебинен ар түркүн өсүмдүктөр өсүп чыгат да заматта гүл жыттанган, жапжашыл бакчалар пайда болот. Ал эми биз сөз кылып жаткан Рияд шаарынын ысмы да ушул бакчаларга барып такалат. Илгери бул өрөөн өзүнүн кудуктары менен белгилүү болуп, анын натыйжасында пайда болгон көптөгөн бактар же оазистер өрөөндүн көркүн ачып, жарым аралдын башка аймактарына салыштырганда көз жоосун алган ажайып бир өрөөн эле. Ошондуктан бул аймакты жарым аралдын тургундары “бакчалар”деп атап коюшчу.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эр-Рияд илгерки жоголууга учураган арап уруулары Тосм жана Жудайстардын убагындагы Хажар ал Ямама шаарынын уландысы. Ушул эки уруу бул аймакты байырлап, анда чептерди жана сарайларды салышкан. Шаар урандылары Хижри жыл эсеби менен төртүнчү кылымдарга чейин сакталып турган. Кийин бул өрөөндү арап уруулары мекендеп, алар өздөрүнүн шаарларын негиздешкен. Ислам келээрден мурун бул аймак гүлдөп өсүп, араптар ага соода сатык иштери менен көп келишчү базар катары саналган.

Саякат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жогорку Окуу Жайлар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]