Токио
Отурукташкан жай
Токио
|
Токио жап. 東京
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Токио шаарынын тарыхы 400 жылдан ашуун убакытты ичине камтыйт. Токио шаары алгач Эдо (Куймага кирүү) деп аталган. Бул жерде 1603-жылы Токугава Иеясу Токугава сегунатын (1603-1867-жж.) түзгөн. Ошондон тартып шаар дүркүрөп өнүккөн. Мурда Япониянын борбору Киото шаары эле, 1868-жылы император Эдого көчүп келет да, шаардын атын Токио (Чыгыш борбору) деп өгөртөт. Ошентип, Токио Япониянын борбору болуп калган.
Мейдзинин тушунда (1868-1912-жж.) батыш цивилизациясынын таасири менен шаардагы эски үйлөрдүн ордуна кирпичтен имараттар тургузулган. 1923-жылы Кантодо болгон зилзалада шаар үчүн көптөгөн жоготууларды алып келген, расмий маалыматтарда 140000 адам дайынсыз жоголду же каза болду, 300000 үй кыйроого учурады деп жазылган. Шаарды кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп, 1927-жылы биринчи метро линиясы салынган, ал эми 1931-жылы дүйнөгө таанымал Ханеда аэропорту жүргүнчүлөрдү тейлей баштаган. 1935-жылы Токионун тургундарынын саны 6,36 милионго жетип, Лондон менен Нью-Йорктун элинин санына теңелген.
1941-жылы башталган согуш шаардын өнүгүшүнө оор залакасын тийгизген. 1943-жылы чоң мегаполис түзүү максатында Токио префектурасы менен Токио-ши шаары бириктирилип, губернатор шайланган. 1947-жылы Япониянын жаңы Конститутциясы кабыл алынган. Ага ылайык, Токио шаары 23 районго бөлүнгөн. 1960-жылы шаардын экономикасы атайын техника чыгаруу менен катуу өнүккөн. 1964-жылы Токиодо кезектеги олимпиадалык оюндар өткөрүлгөн.
Географиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Токио Япония ахипелагынын ортосунан орун алган Канто түштүк аймагында жайгашкан. Шаар чыгышынан Эдогава суусу жана Чиба прифектурасы, батышынан тоолор жана Яманаши префектурасы, түндүгүнөн Сайтама префектурасы, түштүгүнөн Тамагава суусу жана Канагава префектурасы менен чектешет. Изу, Огасавара аралдары шаардан окчун турса да, Токионун администрациялык-аймактык бөлүгү катары саналат.
Дини
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шаардыктардын тутунган диндери-синтоизм (аймакчы, синтоизм дини 1945-жылга чейин мамлекеттик дин деп саналган) жана будизм, андан тышкары христиан динине ишенүүчүлөр да бар. Азыркы мезгилде Япония мамлекети тарабынан атайын кабыл алынгын дин жок. Бирок, жогоруда айтылган диндер жапондордун каада-салттарынын калыптанышына бир топ таасирин тийгизген. Үйлөнүү үлпөтү синтоисттик салтта өтсө, сөөктү көмүү зыяратында буддисттик шарттар сакталган. Калктын эки пайызы христиан динин тутат. Ошондуктан, шаардан ар кайсы багыттагы сыйынуучу жайларды кезиктирүүгө болот.
Экономикасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шаардын өнөр жайынын негизин автоунаа куруу, темир жана жыгач иштетүү, электроника, электротехника, полиграфия, химия жана тамак-аш тармактары түзөт.
Райондору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шаардын негизги көчөсү-Гинза көчөсү. Бул жерде кымбат ресторандар, дүкөндөр, мейманканалар жайгашкан. Шинджуку району бийик-бийик имараттары, сайрандоо жайлары менен таанымал болсо, Акихабара электроника жана компьютердик оюндар борбору катары каралат. Асакусанын эски кочөлөрү дүкөндөргө, сувенир саткан жайларга жана сайрандоо борборлоруна толгондуктан, күнү-түнү эл аягы суюлбайт. Дал ушул жерден жергиликтүү жапон матрешкаларын табууга болот. Токио Диснейлени да бүйүр кызытпай койбойт.
Колодонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Шоокум журналы №3 20-март 2008-жыл.
БУУга мүчө өлкөлөр: Абу-Даби |
Амман |
Анкара |
Ашхабад |
Багдад |
Бакы |
Бандар-Сери-Бегаван |
Бангкок |
Бейрут |
Бишкек |
Вьентьян |
Дакка |
Дамаск |
Дили |
Доха |
Душанбе |
Жакарта |
Ереван |
Иерусалим |
Исламабад |
Кабул |
Катманду |
Куала-Лумпур |
Мале |
Манама |
Манила |
Маскат |
Москва |
Найпьидо |
Никосия |
Нур-Султан |
Нү-Дели |
Пекин |
Пномпень |
Путражайя |
Пхеньян |
Сана |
Сеул |
Сингапур |
Ташкен |
Тбилиси |
Тхимпху |
Тегеран |
Токио |
Улан-Баатыр |
Ханой |
Шри-Жаяварденепура-Котте |
Эл-Кувейт |
Эр-Рияд
|