Мазмунга өтүү

Манила

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Манила
Желек Герб
Желек Герб
ӨлкөФилиппиндер
Координаттар14°35′ с. ш. 121°00′ в. д.HGЯO
БашчысыДжозеф Эстрада
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1574
Биринчи белгиленген1574
Мурунку аталышыЛинисин, Икарангал енг Майнила
Аянты38,55 км²
Климатынын түрүсубэкватордук
Убакыт аралыгыUTC+8
Калкы
Калкы1 660 714 адам (2007)
Жыштыгы43 079 адам/км²
Этнохоронимманилалык, манилалыктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду2
Почта индекстери0900-1096
Сайтыhttp://www.manila.gov.ph/  (англ.)

Манила (тагал. Maynila, Майнила; англ.  жана исп. Manila) – Филиппин Республикасынын борбор шаары. Лусон аралынын түштүк-батышында, Манила булуңунун жээгинде (Түштүк-Кытай деңизинин алабы) жайгашкан. Калкы 1,3 млн (2006). Манила өлкөнүн башкы экономикалык жана маданий борбору. Чоң Манила шаар айланасында жайгашкан айыл муниципалитеттерин жана шаар-спутниктерди [Кесон-Сити (өлкөнүн расмий борбору), Калоокан, Мандалуйонг, Малабон, Макати, Сан-Хуан-дель-Монте, Параньяке, Пасай, Навотас (балык кармоочу гавань)] камтыйт. 1571-жылы тагал княздыгынын борбору болгон. Кийинчерээк испандар басып алып, Филиппиндин административдик борборуна айланган. 1898-жылы АКШнын колуна өткөн. 1935-жылдан Филиппин автономиясынын, 1946-жылдан Филиппин Республикасынын борбору. Пасиг дарыясы шаарды экиге бөлүп агат. Өкмөттүк ишканалар жана шаардын эски бөлүгү – Интрамурос (мурунку испан чеби) Маниланынтүштүк бөлүгүндө жайгашкан. Жеңил, тамак-аш, полиграфиялык, жыгаччылык, химиялык, машина куруу өнөр жай ишканалары, верфтер иштейт. Университеттер, улуттук жана Санто-Томас музейи, театр, сүрөт галереясы, китепкана бар. Сан-Агустин чиркөөсү (1599–1614) сакталган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]