Дили
Борбор шаар
Дили
|
Дили (тетум. Dili, порт. Díli) — Чыгыш Тимордун борбору жана ири шаары. Кичи Зонд аралдарынын эң чыгышында жайгашкан Тимор аралынын түндүк жээгинде орун алган.
Дили — Чыгыш Тимордун негизги порту жана экономикасынын борбору. Бул шаарда Чыгыш Тимордун улуттук баатыры Николау Лобатунун атынан аталган эл аралык аэропорт жайгашкан[1].
Тарых
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1520-жылы португалиялыктар тарабынан негизделген.
Португалиянын аймактагы губернатору Антониу Жозе Теллеша ди Менезеша эки жыл бою көтөрүлүшчүлөр тарабынан курчоого алынган Лифау фортун коргой албай Дилиге администрациясын көчүрүүгө аргасыз болгон, ушул себептен Дили 1769-жылы Португалиянын Тимор колониясынын борборуна айланган.
Шаарды II дүйнөлүк согуш учурунда Жапония басып алган, согуш учурунда шаар союздук авиациянын чабуулдарынан катуу жабыр тарткан жана тургундар дээрлик толугу менен бул шаарды таштап, башка аймактарга көчүп кетишкен[2][3]. Согуш аяктаган соң Австралиянын бийлигинин каршылыгына карабастан, аралды Жапониянын оккупациялык администрациясынан Португалияга өткөрүп берүү 1945-жылы сентябрда болгон.
Согуштан кийинки мезгилде шаар кайрадан курулуп, анын көп улуттуу калкынын саны тынымсыз өсүп олтуруп 1970-жылдардын башында 10 000 адамга жеткен. Экономикалык жана маданий багыттарда жагымдуу өзгөрүүлөр болгон.
Басып алгандарга (колонизатор) каршы 1961-1963 жылдардагы ири көтөрүлүш учурунда борбору Батугада жайгашкан Тимор-Дили Бириккен Республикасы түзүлгөнү жарыяланган. Бирок Португалия бийлиги көтөрүлүштү курал колдонуу менен катуу басып көз карандысыздыкты талап кылгандар жеңилип калганына карабастан, бул келечекте жергиликтүү тургундардын талаптарын эске алуу менен португалиянын колониялык бийлиги реформаларды жүргүзүүгө аргасыз болгон[4].
1963-жылы ноябрда Чыгыш Тиморго өзүн- өзү башкаруу укуктары менен Португалиянын деңиздин ары жагындагы провинциясы макамы берилген. Административдик жактан 60 округга жана Дили муниципалитетине бөлүнгөн.
Португалиялык Тимордогу деколонизация процесси 1974-жылы Португалияда авторитардык режимдин кулашынан кийин башталган. 1975-жылы 28-ноябрда Чыгыш Тимордун Эгемендүүлүк декларациясы угузулган. Бул окуялардан тогуз күн өткөндөн кийин өлкөнү Индонезиянын армиясынын бир бөлүгү басып алган жана Чыгыш Тимор Индонезиянын 27-провинциясы деп жарыяланган.
1975-1999 жылдар арасында Индонезиянын аскердик күчтөрү менен көз карандысыздык үчүн күрөшкөндөрдүн ортосунда партизандык согуш башталып, натыйжасында он миңдеген Чыгыш Тимордун тургундары жана бир нече чет элдик жарандар каза болушкан[5].
1999-жылы БУУнун кысымы астында Чыгыш Тимордо өзүнүн келечектеги макамын аныктоо маселеси боюнча референдум өткөрүлгөн. Натыйжада, калктын 78,5% көз карандысыздыкты жактап, 2002-жылдын 20-майында Дели шаары жаңы көз карандысыз Тимор-Лешти Демократиялык Республикасынын борбору болуп калган.
1999-жылы индонезиянын жарандары турак-жайларын таштап кетишип, ал турак-жайлар өлкөнүн башка аймактарынан көчүп келгендер тарабынан ээленген.
География
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шаар Түштүк-Чыгыш Азиядагы Тимор аралынын түндүк-чыгыш жээгинде 8°34′ түштүк кеңдик жана 125°34′ чыгыш узундук географиялык координаттарда жайгашкан[6][7].
Дили адырлар менен курчалган деңиз булуңунда жайгашкан. Жээктеги ойдуңду, айланасында тоолуу аймактар көп. Дили деңиз жээгинде жайгашкандыктан шаардык пейзаж кумдуу пляждарды, кооз деңиз жээктерин камтыйт. Бул Дилини туристер үчүн, айрыкча суу спортуна кызыккандар үчүн жагымдуу жайлардын бири кылат[8].
Дилинин айланасындагы аймагы жалбырактуу дарактар басымдураак кылган токойлор менен курчалган. Токойлорунда кур-кумурскалардын, куштардын, майда чычкандардан жана келемиштердин түрлөрү, маймылдарды кездештирүүгө болот[9].
Жээктеги мангр токойлорунда жок болуп кетүү коркунучуу астындагы дарактардын түрлөрү бар. Ошондой эле коралл рифтерине, деңиз суусунун астындагы чөптөргө климаттын өзгөрүүшү терс таасирин тийгизүүдө[10]. Дилиден алыс эмес суу аймактарын дюгондор, дельфиндер, киттер, деңиз таш бакалары жана балыктардын көп түрүү байырлашат[9].
Климат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Климаты субэкваториалдык муссондуу, июндан октябрга чейин кургакчыл жана ноябрдан майга чейин нымдуу мезгилдер болуп турат[11]. Абанын айлык орточо температурасы 26—28°С тегерегинде, абанын температурасы жыл ичинде бир аз гана өзгөрөт. Абанын температурасынын кескин өзгөрүүшү дээрлик байкалбайт. Шаардын айланасында катуу жаан-чачындын натыйжасында болгон суу ташкынынан жана селден жабыркап турат[12]. Ноябрь-апрель айларында шаарга тропикалык бороондордун таасири болушу мүкүн, бирок экваторго жакын болгондуктан бороондордун күчү азыраак[13].
Айы | Январь | Февраль | Март | Апрель | Май | Июнь | Июль | Август | Сентябрь | Октябрь | Ноябрь | Декабрь | Январь |
Абсолюттук максимум, °C | 36 | 35,5 | 36,6 | 36 | 35,7 | 36,5 | 34,1 | 35 | 34 | 34,5 | 36 | 35,5 | 36,6 |
Орточо максимум, °C | 31,3 | 31,1 | 31,2 | 31,5 | 31,3 | 30,7 | 30,2 | 30,1 | 30,3 | 30,5 | 31,4 | 31,1 | 30,9 |
Орточо температура, °C | 27,7 | 27,6 | 27,4 | 27,4 | 27 | 26,8 | 25,5 | 25,1 | 25,4 | 26 | 27,2 | 27,4 | 26,6 |
Орточо минимум, °C | 24,1 | 24,1 | 23,5 | 23,5 | 22,8 | 21,9 | 20,8 | 20,1 | 20,5 | 21,5 | 23 | 23,6 | 22,4 |
Абсолюттук минимум, °C | 24,1 | 24,1 | 23,5 | 23,5 | 22,8 | 21,9 | 20,8 | 20,1 | 20,5 | 21,5 | 23 | 23,6 | 22,4 |
Жаан-чачын нормасы, мм | 139,5 | 138,7 | 132,7 | 104,3 | 74,9 | 58,4 | 20,1 | 12,1 | 9 | 12,8 | 61,4 | 144,9 | 908,8 |
Жаан-чачындуу күндөрдүн орточо саны (≥ 1.0 mm) | 13 | 13 | 11 | 9 | 6 | 4 | 3 | 1 | 1 | 2 | 6 | 11 | 80 |
Орточо салыштырмалуу нымдуулук (%) | 80 | 82 | 80 | 77 | 75 | 72 | 71 | 70 | 71 | 72 | 73 | 77 | 75 |
Бир айдагы орточо күн ачык күндөр (саат) | 189,1 | 161 | 235,6 | 234 | 266,6 | 246 | 272,8 | 291,4 | 288 | 297,6 | 270 | 220,1 | 2,972,2 |
Бир күндөгү орточо күн ачык саттар | 6,1 | 5,7 | 7,6 | 7,8 | 8,6 | 8,2 | 8,8 | 9,4 | 9,6 | 9,6 | 9 | 7,1 | 8,1 |
Боордош шаарлар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дилинин боордош шарлары болуп төмөнкү шаарлар саналат[15]:
- Барселона, Испания
- Дарвин, Австралия
- Канберра, Австралия
- Сидней, Австралия
- Коимбра, Португалия
- Лиссабон, Португалия
- Окинава, Жапония
- Владивосток, Орусия
- Сан-Паулу, Бразилия
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ A New Era?: Timor-Leste after the UN
- ↑ O Papel – Moeda Durante a ocupação Nipónica de Timor-Leste
- ↑ João Loureiro. Postais antigos & outras memórias de Timor
- ↑ Frédéric Durand. History of Timor-Leste
- ↑ A Paz é Possível em Timor Leste
- ↑ GeoNames. Dili
- ↑ Encyclopaedia Britannica. Dili
- ↑ Timor-Leste, Dili
- ↑ 9.0 9.1 Cristo Rei Sustainable Management Plan
- ↑ Terms of Reference for the Formulation of Hera Fuel Storage and Jetty Development Environmental Impact Statement (EIS)
- ↑ Mats Lundahl, Fredrik Sjöholm. The Creation of the East Timorese Economy: Volume 1: History of a Colony
- ↑ Climate Risk Country Profile - Timor-Leste
- ↑ Pacific-Australia Climate Change Science and Adaptation Planning Program. Current and future climate of Timor-Leste
- ↑ Klimatafel von Díli, Insel Timor / Ost-Timor
- ↑ Timor-Leste's Community